Манты

Википедия дан
Манты
Manty (3968046229).jpg
Пайда болгон өлкөсү

Flag of Turkey.svg Түркия

Manti
Манту-каскандагы мантулар
Корей мандусу

Манты, мантуу – Борбордук Азия, Түркия, Монголия, Корея («манду́» (кор. 만두, 饅頭) ж.б. аймактардагы элдердин эттен жасалган салттык тамагы. «Манты» сөзү кытай тилиндеги «варвардын башы» деген маанини туюндурган маньтоу (классикалык кыт. 饅頭, жөнөкөйлөштүрүлгөн кыт. 馒头 , пиньинь: mántóu) сөзүнөн алынган.

Фарш[оңдоо | булагын оңдоо]

Борбордук Азияда мантынын фаршына эт, куйрук май, ич май, уйдун бөйрөк майы, пияз, картошка кошулат. Айрым учурларда ашкабак да пайдаланылат.

Ал эми Монголияда фарш уй, эчки, жылкы, төө же чочконун этинен жасалат. Даамдын ар түрдүүлүгү үчүн куш этинен аралаштырган учурлар да кездешет. Мунун менен катар фаршка желин, төөнүн өркөчүнүн майы, куйрук май кошулат. Жашылча-жемиштердин ичинен сабиз же башка деле жашылчаны кошуп жасагандар да болот.

Ашкабактан жасалган кытай бао-цзысы

Дунгандар менен уйгурлар мантыга жусайды кошконду жакшы көрүшсө, Кытайдын деңизге жакын жерлеринде жашагандар ага креветкилерди да аралаштырышат.

Түрк мантысы

Түркияда манты абдан майда түйүлүп, сарымсак, айран менен аралаштырып, үстүнө сары май жана соус куюлат да, кооздук үчүн райхан себеленет.

Жасалышы[оңдоо | булагын оңдоо]

Атайын белендеп койгон камыр жайылып, төрт бурчтук формасында кесилет. Андан кийин үстүнө фарш салынып, манты-каскан же манты-казан деп аталган табактарга тизилип, бууда 30-50 мүнөт аралыгында бышырылат.

Кытайдын Шинжаң уйгур автономиясында мантынын курамындагы витаминдерди сактап калуу максатында болгону 20-30 мүнөт гана бууга коюп, бышыргандар кездешет.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Мантыга эң окшош тамак монголдордун «бууз» деп аталган тамагы болуп эсептелет. Бууз да манты сыяктуу жасалат.

Азыркы күндө Кытайда мантыга окшош «бао-цзы (кыт. 包子, bāozi; дунг. бо́зы),» деген тамак бар. Ал эми «маньтоу (классикалык кыт. 饅頭, пиньинь: mántou)» деген тамагы ичинде эч нерсе салынбай эле жөнөкөй түрдө бышырылган нандын бир түрүн билдирет. Ошондой болсо да, айрым тарыхчылардын маалыматына караганда Байыркы Кытай маньтоусу кудум бүгүнкү борбордук азиялык мантыга окшош болгон. Хан сулалесинин кыйрашы жана Үч падышачылык доорун баяндаган орто кылымдардагы кытай жазуучусу Ло Гуаньчжундун «Үч падышачылык» аттуу эмгегинде «маньтоу» кандайча пайда болгондугу тууралуу кеп жүрөт. Анда «мандын башы» түшүнүгүн берип, анын арбактарга арналып курмандык чалынган адамдын образын чагылдырып турары элестелгендиги айтылат.

Жапондордун «манжуу (饅頭)» деген жумшак нанды билдирүүчү сөздүн мааниси кытай тилиндеги «маньтоу» сөзү менен тектеш.

Дагы караңыз[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]