Мануковский, Николай Фёдорович

Википедия дан

Мануковский, Николай Фёдорович (15. 10. 1926-ж. төрөлгөн, 2-Усмань кыштагы, азыркы Воронеж облусу, Новоусмань району) — айыл чарба өндүрүшүн комплекстүү механикалаштыруу боюнча демилгечи, Воронеж областынын Новоусмань районундагы «Кировский» совхозунун бригади­ри.

Советтик Эмгектин Баатыры (1959). 1951-жылдан КПСС мүчөсү. 1942—58-ж. Киров, атындагы колхоздун трактористи. Ал өзүнүн жардамчысы менен жүгөрү өс түрүүнү толугу менен механикалаштырып, гектарынан 1956-ж. 375 ц, 1958-ж. 412 ц жашыл масса жыйнап алган. Мануковский комплекстүү механикалаштырууну күн карама өстүрүүгө, 1959-жылдан мал чарбасында да пайдаланган. КПССтин 21—23-съездерпнин делегаты. Партпянын 22- съездинде КПСС БКнын мүчөлүгүнө шайланган, РСФСР Жогорку Советинин(5—6-шайл.) депу­таты. РСФСР Жогорку Советинин Президиумунун (6- шайл.) мүчөсү. Эки Ленин ордени, башка 2 ор­ден жанa медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.