Манхэттен долбоору

Википедия дан

Манхэттен долбооруАКШда ядролук куралдарды жасоо боюнча иштеп чыккан программасынын шарттуу аталышы. АКШ 1945-жылы 16-июлда Нью-Мексико штатында, Аламогордого жакын жерге ядролук сыноолорду жүргүзгөн. Манхэттен долбоорунда АКШ, Улуу Британия, Германия жана Канада мамлекеттеринин окумуштуулары катышкан. Натыйжада 3 атомдук бомба жасалган: плутоний бомбасы «Тринити» (1945-жылы 16-июлда Нью-Мексико штатында биринчи ядролук сыноодо жардырылган), уран бомбасы «Малыш» (1945-жылы 6-августта Хиросимага ташталган) жана плутоний бомбасы «Толстяк» (1945-жылы 9-августта Нагасакиге ташталган). Долбоорду америкалык физик Роберт Оппенгеймер жана генерал Лесли Гровс жетектеген. Долбоор негизинен Оук Риджде (Теннеси штаты), Лос-Аламосто (Нью-Мексико штаты), ошондой эле Чикаго, Калифорния жана Колумбия университеттеринде иштелген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]