Марат Козукеев
Марат Козукеев
| |
Туулган датасы: | |
---|---|
Туулган жери: | |
Өлгөн датасы: |
8 -декабрь 2017 (47 жаш) |
Өлгөн жери: | |
Жарандыгы: | |
Кесиби: | |
Карьерасы: |
1996 — 2017 |
Марат Козукеев (1970, Эркин-Сай, СССР — 2017, Бишкек, Кыргызстан) — Кыргызстандык актёр жана режиссёр. Маданият ишмери. "ДЕМ" театрнын жетекчиси.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1970-жылы чыгармачыл үй-бүлөдө жарыкка келген. Атасы Жумабек Козукеев Кыргыз драма театрында актёр болсо, апасы Кандалат Муратова режиссёрдун жардамчысы болуп пенсияга чыкканча ушул театрда иштеген[1]. 1988-1992-жылдары Ленинграддагы Черкасов атындагы театр, музыка жана кинематография институтунун актёрдук факультетин бүтүрүп келип, Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында иштеп, Кийин Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына ишке кирген, ал жерде өмүрү өткүчө эмгектенген. Аталган театрдын көркөм жетекчиси катары иш алып барып, Театр актёру катары көптөгөн спектаклдерде роль жаратуу менен бирге «Аталар керээзи», «Гаишниктер», «Саманчынын жолу», «Кокуй кошуна» сыяктуу тасмаларда роль жараткан.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Кырсык өтө тез болуп кетти... Марат Козукеевдин жубайы Айсалкын менен маек (кырг.). Sputnik. Текшерилген күнү 6 -май (бугу) 2024.