Марафон салгылашы

Википедия дан

Марафон салгылашы грек-перс согуштарынын (б. з. ч. 500–449 жж.) жүрүшүндөгү биринчи ири салгылаш. Биздин заманга чейинки 490-жылы 13-сентябрда Афинынын түндүк-чыгышындагы (40 км алыстыкта) Марафон түздүгүндө болгон. Салгылашта гректердин 11 миң жоокери, перстердин 20 миңдей жоокерин жеңген. Грек аскерлерин кол башчы Мильтиад жетектеген. Геродоттун эсеби боюнча салгылашта перстер 6400, гректер 192 адамынан ажыраган. Марафон салгылашынан кийин перстер Грецияга 10 жыл бою кол салган эмес.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]