Маржанишвили, Константин Александрович

Википедия дан

Маржанишвили,Константин Александрович [28. 5(9. 6). 1872, Кварели— 17. 4. 1933, Моск­ва] — советтик режиссёр,Грузиянын эл артисти (1931).

Сахна ишин 1893-ж. Кутаисиде баштап, Эркин театрын уюштурган (1913—14, Москва). 1919-ж. Киевде Лопе де Веганын «Кой булак» спектаклин коюп, аны 1922-ж. Грузияга келгенден кийин Ш. Руста­вели атындагы театрда да корсоткон.

Бул грузин театрында идеялык-көркөмдүх жаңычылдыкка жол ачкан. 1928-ж Кутаисиде Грузиянын 2-Мамлекеттик драма театрын түзгөн (азыр К. А. Маржанишвили атындагы грузин театры). 1924— 29-ж. Грузин кинематографиясыных режиссёру. Өмүрүнүн акыркы жылдарында Москва театрларында спектакль коюп жургөн. М. орус жана гру­зин театр маданиятынын бир бирине таасирин өз өнөрүндө чагылдырууга умтулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.