Марийлер
Марийлер (өздөрүн мари, марий деп аташат, мурда черемистер деп аталган) – Роффия Федерациясындагы эл (644 миң), Марий Эл Республикасынын жергиликтүү калкы (312,2 миң). Башкирияда (105,8 миң), Татарияда (18,8 миң), Удмуртияда (9,0 миң), Нижегород (7,8 миң), Киров (38,9 миң), Тюменде (11,0 миң), Свердлов (27,9 миң) жана Пермь областында (5,4 миң), да жашашат. Жалпы саны 604,3 миң киши (2002). Алар үч негизги субэтностук топко (тоо, талаа жана чыгыш) бөлүнөт. Тоо М. Волганын оң жээгин, талаа марийлери Ветлуж-Вятка дарыясынын ортосун, чыгыш марийлер Башкирия аймагын мекендешкен. Марий жана орус тилинде сүйлөшөт. Христиан динин тутушат. Марийлердин этностук негизин финн-угор уруулары түзгөн. Марийлердин калыптанышына жана өнүгүшүнө түрк элдеринин (болгар, чубаш, татар) жана орустардын таасири тийген. Негизги кесиби – дыйканчылык, мал чарбачылык, аарычылык, балык кармоочулук. Улуттук кийими – туника сымал бычылган көйнөк, ыштан, узун этектүү кафтан, эркектер башына кийиз калпак кийип, белине кур курчанат. Аялдар алжапкыч тагынып, кооздуктарды колдонушат. Тамак-ашы негизинен дан, эт, сүт азыктары.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7