Маркетинг дин буюм базарындагы абалы

Википедия дан

Маркетинг дин буюм базарындагы абалы. Базардагы өнөр жай товарларына сунуштун жана суроо-талаптын индекстеринин, баалардын жана ишканалардын кампаларындагы даяр буюмдардын калдыктарынын динамикасы түрүндө көрсөтүлөт.

Кыргыз Республикасында 1991-жылга салыштырганда өнөр жай өндүрүшүнүн төмөндөшү жалпысынан уланууда. Демек, товарларга сунуш жана суроо-талап төмөндөп, өзүнө турган нарк көбөйүп, баалар өсүп, буюмдардын өтпөй жатышын көрсөтөт. Алсак, 2009-жылдын ичинде өнөр жай товарларынын көлөмүнүн индекси 2008-жылга салыштырганда 93,6%ти түздү, ал эми баалардын индекси 112,0%ке чейин өскөн. Демек, товар базарында кырдаал олуттуу өзгөрүлбөй эле келе жатат.

Маркетинг (базарды изилдөө) иши, жаңы технологиялар (инновациялар) болбосо, товардын, анын ичинде керектөө базары иштелбейт деп эсептөө керек.

Ушул кемчиликтерди жоюуда эң оболу төмөнкү иштер жүргүзүлүшү зарыл:

* ээлик кылууну уюштуруунун жөнөкөйлөштүрүлгөн ыкма-түзүлүштөрдү (процедурасын) иштеп чыгуу, корголушунун натыйжалуу системасын камсыз кылуу менен, менчик ээлери, товар чыгаруучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;
  • товар чыгаруучу ишканалар маркетинг, буюмдарын жакшыртуу, чыгаруу жана сатып өткөрүү боюнча билим алуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү жасоолору тийиш.

Ал үчүн натыйжалуу чаралардын бири Түштүк-Чыгыш Азиянын Малазия, Сингапур, Таиланд жана Вьетнам сыяктуу өлкөлөрүнүн тажрыйбасын үйрөнүүнүн өбөлгөсү катары чет өлкөлүк капиталды жана технологияларды иштетүү болуп эсептелет;

  • жаңы техника менен технологияларды ташып келүү жана өзүнүн керектөө товарларын чыгарууну жолго салуу;
  • мамлекеттинкүч-аракеттери ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясына ички жана тышкы суроо-талапты кеңейтүү үчүн шарт түзүүгө (сапатты жана атандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатууга) топтоштурулууга тийиш;
  • сапатсыз жана ден соолукка коркунучтуу чет өлкөлүк товарлардын өлкөбүздүн базарларына өтүп кетишине жол бербөө;
  • азыркы учурдун биржалык (дүң сатуу) механизмин түзүү, б. а., товардык биржалар институтун өнүктүрүү жана баалардын базар системасын түзүү;
  • азык-түлүк менен өзүн өзү камсыз кылуунун жогорку даражасына жетишүүгө умтулуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9