Маркус Фирц

Википедия дан
Маркус Фирц (1937).

Маркус Эдуард Фирц (англ. Markus Eduard Fierz; 1912-жылы 20-июнь - 2006-жылы 20-июнь) - кванта теория, бөлүкчөлөрдүн физикасы жана статистикалык механиканын өнүгүүлөрүнө салым кошкону менен жана Паули теоремасын так жазганы менен таанымал болгон швейцариялык физик. Окумуштуу 1979-жылы Макс Планк атындагы медалына татыган, ал эми 1989-жылы баардык эмгектери үчүн Альберт Эйнштейн медалы менен сыйланган.

Фирцтин атасы, Ханс Эдуард Фирц Geigy компаниясында химик катары иштеген, кийинчирээк Цүрихтеги швейциялык федералдык технология институтунда профессор болгон, апасы Линда Фирц-Дэвид болгон. Фирц Цүрихтеги Realgymnasium окуу жайында билим алган. 1931-жылы келечектеги окумуштуу Геттингенде, Герман Вейль сыяктуу чыгаан математиктердин лекцияларын угуп билим алган. 1933-жылы Фирц Цүрихке кайтып ETH институтунда Вольфганг Паули менен Грегор Вентцельдин жетекчилиги астында физика адистигин окуган. 1936-жылы "кванта электродинамикадагы инфра-кызыл шоолалардын кыйроосу" боюнча диссертация жазып доктор окумуштуулук даражасын алган. Кийин окумуштуу Лейпцигте жашаган Вернер Гейзенбергтин жанына барган, андан кийин, 1936-жылы Цүрихте, Фирц Вольфганг Паулинин жардамчысы болгон. 1939-жылы хабилитация даражасынын диссертациясында окумуштуу эрки менен жүргүзүлгөн айлануулары (масса менен жана массасыз) менен релятивисттик талааларды изилдеп эркин талааларга колдонулган Паули теоремасын далилдеген. Окумуштуунун кванта электродинамика тармагындагы изилдөө иштери уланган.Эрки менен жүргүзүлгөн айлануулар менен релятивисттик талаалар боюнча эмгеги кийин супергравитацияда маанилүү роль ойногон. Окумуштуу 1940-жылы Базелде Privatdozent болгон, ал эми 1943-жылдан тартып доцент окумуштуулук наамга ээ болгон. 1944-1959-жылдар арасы Базелде теориялык физика боюнча профессор болгон. 1950-жылы Фирц Принстондогу Перспективдик изилдөө институтунда иштеген, ал жерде окумуштуу Рес Жост менен таанышкан. 1959-жылы Женевадагы CERN изилдөө институтунун теориялык физика бөлүмүндө бир жыл башчы болуп иштеген, 1960-жылы ETH институтунда, ага окутуучу Паулинин ордун баскан. 1977-жылы кадырдуу профессор болуп ардактуу эс алууга чыккан. Ошондой эле Фирцтин гравитация теориясы боюнча эмгектери бар бирок окумуштуунун бул тема боюнча бир гана макаласы бар.

1940-жылы окумуштуу Менге Биберге үйлөнгөн, алар музыка аркылуу таанышышкан (Фриц скрипкада ойночу), алардын эки уулу бар.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]