Марк Ронсон

Википедия дан

Марк Дэниел Ронсон (англ. Mark Daniel Ronson; 1975-жылы 4-сентябрь) - англиялык музыкант, дижей, ырчы, ыр жазуучу жана музыкалык продюсер. Here Comes the Fuzz алгачкы альбому чарттарда көрүнүктүү натыйжага жетпесе дагы анын Version (кырг. Версия) аталышындагы экинчи альбому Улуу Британиянын чартында экинчи орунду ээлеп эң мыкты 10 сингл тизмесине үч чыгармасы кирген. Бул жетишкендик менен Ронсон 2008-жылы Brit Award сыйлыгынын "Эң мыкты британиялык эркеке артист" номинациясына татыган. 2010-жылдын 27-сентябрында Record Collection (кырг. Үн жаздыруулардын жыйнагы) аталышындагы үчүнчү альбому жаздырылып Улуу Британиянын чартында экинчи орунга ээ болгон.

2014-жылы ронсон Бруно Марс менен биргелешкен "Uptown Funk" (кырг. Чет-жакадагы фанк) сингли менен Улуу Британиянын жана АКШнын чарттарында биринчи орунду ээлеген. Бул ыры Ронсонго 2015-жылкы Brit Award сыйлыгынын "Жылдын эң мыкты сингли" номинациясын жана 2016-жылкы "Грэмми" сыйлыгынын "Жылдын эң мыкты үн жаздыруусу" жана "Эң мыкты поп–дуэт аткаруусу" номинацияларын алып берген. Ронсондун Uptown Special аталышындагы төртүнчү студиялык альбому 2015-жылдын январында жарыкка чыгып АКШда бешинчи орунду ээлеп Улуу Британиянын чартында биринчи жолу биринчи орунга жайгашкан альбому болгон.

Ронсон Адельдин алгачкы 19 (кырг. 19 (он тогуз)) альбомунун "Cold Shoulder" (кырг. "Көңүлсүз кабыл алуу") синглинин продюсери болгон. Эми Уайнхаустун "Back to Black" (кырг. "Карага кайтуу") альбомунун продюсери болуп ал көпчүлүккө таанылып "Rehab" (кырг. "Калыбына келтирүү") сингли үчүн "Грэмми" сыйлыгынын "Жылдын эң мыкты продюсери", "Эң мыкты поп-музыкалык заманбап альбом" жана "Жылдын эң мыкты үн жазуусу" номинацияларына ээ болгон. Ронсон "Жылдын эң мыкты үн жазуусу" номинациясына эки жолу ээ болгон – 2008-жылы продюсер катары, ал эми 2016-жылы ырчы катары. Британиянын заманбап маданиятынын эң ийгиликтүү музыканты Ронсон, 2017-жылы Debrett's компаниянын "Британиянын эң таасирдүү инсандары" тизмесинде жайгашкан.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]