Мартенсит

Википедия дан

Мартенсит - муздатуу процессин­де кристаллдуу катуу нерселердин диффузиясыз полиморфтук айланышынан пайда болгон структурасы.

Немец металл изилдөөчүсү А. Мартенстин (1850—1914) ысмынан коюлган. Бул процессте кристалл торчосунун деформацияланышынын натыйжасында металлдын бетинде рельеф байкалат: көлөмүндө ички чыңалуу жанa серпилгич деформация пай­да болуп. ал кристаллдын өсүшүн токтотот. Серпилгич энергия мини­мум мааниге ээ болууга тийиш болгондуктан, Мартенсит кристаллдаары алгачкы торчого карата туура багытталган пластина формасында болушат (шлифте ийне түрүнде көрүнөт).

Серпилгич деформация кристаллдагы ички чыңалууну азайтат. Ошондуктан кристаллда дислокация эң көп (1012 см*2ге чейин) же калыңд. 10— 100 мм (100—1000 А) болгон кош тарамга (двойникке) ажырайт. Жалпы алганда Мартенсит — таза металлдардын куймаларындагы төмөнкү темп-ралуу полиморфтуу айлануулардан алынган продукт. Болоттогу Мартенсит — аустенитти сугарууда пайда болгон Fe—С өтө каныккан катуу эритме. Көмүртектүү Мартенсит — эң бекем болоттун негизги структуралык түзүүчүсү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.