Мартьянов Николай Михайлович

Википедия дан

Мартьянов Николай Михайлович (1844-1904), провизор, ботаник, меценат. 1844-ж. Вилен губерниясында туулган, 1904-ж. Енисейск губерниясынын Минусинск шаарында көз жумган. Азыркы Россия Федерациясынын Новосибирск облусунун аймагына караштуу Минусинск шаарындагы Край таануу жана тарых музейинин негиздөөчүсү, меценат. Н.М.Мартьянов өзүнүн жеке үйүн музейге айландырып, жеке катышуусу менен Хакас-Минусин ойдуңундагы белгилүү болгон кыргыздарга таандык рун сымал таш жазуу эстеликтерин музейге ташытып келип жайгаштырган. Н.М.Мартьянов токойчунун үй бүлөсүндө туулган. Каатчылыктын айынан үй бүлөсүн караганга жардамдашуу үчүн провизорлук (1865) кесиби боюнча билим алат. Москва, Санкт-Петербург шаарларында провизор, аптекарь болуп иштеген. 1877-1904 жж. Минусинскидеги өзү негиздеген музейди жетектеген. Бүгүн бул музейде аймактагы табылган кыргыз жазма эстеликтери сакталып турат. Мындан сырткары, Музей регионалдык жана крайлык деген статус алган, музейде өткөн эки кылымда Минусин ойдуңунда табылган археологиялык, этнографиялык экспонаттар коюлган. XVIII-XX кк. аймактан жыйналган фольклордук ж.б. жазма булактардын, маалыматтардын зор казынасы бар. ИРГО, ИРАОнун анык мүчөсү болгон. Музей пайда болгон мезгилден тарта кайрымдуулук каражаттарынын эсебинен жашаган. Чыгымдын 75 % музейге келген адамдардын берген каражаты менен жабылган. 1900-ж. гана мамлекеттен 1500 рублей бөлүнгөн экен. Н.М.Мартьянов 30 жыл бою музейди коомдук башталышта же бекер башкарган. Үй бүлөсүн багуу максатында аптекарлык кесибин калтырган эмес. Жаңы музейдин имараты 1887-1890 жж. курулган. Анын архитектору А.Рассушин жана биринчи жардамчысы, саясий сүргүндө жүргөн А.О.Лукошевич болгондугу маалым. 1904-ж. 13-декабрда Н.М.Мартьяновдун дүйнөдөн кайткан күнү Минусинск шаардык Думасы музейге Н.М.Мартьяновдун атын берүү чечимин кабыл алган. Музейдин кору 189,5 миң буюмдан турат. Музейде табигый тарых коллекцияларынан сырткары археологиялык, этнографиялык өтө бай коллекциялар (хакастар, тувалар, орустар, мордвалар, немистер ж.б.) сакталып турат. Белгилей кетчү нерсе, музейде кечки темир, жаңы коло дооруна таандык предметтер, Таштык, Тагар маданияттарынын коллекциялары, кыргыздарга таандык болгон жазуу эстеликтери, археологиялык казуулардын негизинде табылган кыргыздардын курал-жарак, буюм-тайымдары, атактуу кыргыз каганы Барс-бекке арналган жазуу эстелиги (ташка чегирлеген эпитафиялык жазуу) сакталып турат. Музейдин экспонаттары, анын негизги фонду, археологиялык артефактар, кол жазма фонду жана бай китепканасы (125 миң китеп ж.б.) байыркы жана орто кылымдардагы (енисей кыргыздары) кыргыздардын тарыхын изилдөөдө мааниси зор булак катары кызмат кылат. Музейди бир жылда 300 миңге чейин киши келип көрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015