Марцин, Татьяна Филипповна

Википедия дан

Марцин, Татьяна Филипповна [7(19).02.1899-ж. төрөлгөн, Жабокрич кыштагы, Украина, Винница облусу, Крыжополь району] — колхоз өндүрүшүнүн новатору, эки жолу Социалдык Эмгектин Баатыры (1948, 1958).

1952-жылдан КПСС мүчөсү. 1930—61-ж. УССРдин Винни­ца областынын Крыжополь районундагы «3-й выришальный» колхозунун звено башчысы. Анын звеносу көп жыл дайыма жогорку түшүм өстүрүүгө же­тишкен. Гектарынан 82 ц жүгөрү, 560 ц кант кызылчасын жыйнап ал­ган. Ленин ордени жанa медалдар менен сыйланган.

1974-жылы 15-февралда каза тапкан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.