Марьесев, Алексей Петрович

Википедия дан

Марьесев, Алексей Петрович (7(20). 5. 1916-ж. т., Камышин) — советтик учкуч, майор, Советтер Союзунун Баатыры (1943). 1944-жылдан КПСС мүчөсү.

1937- жылдан Советтик Армияда. 1940-ж. Батайск аскер авиация мектебин буткөн. Улуу Ата Мекендик согушта (1941— 45) истребителдик авиаполктун зве­но командиры, полк, командирпнин жардамчысы жана полк штурманы. Согуштун башында душмандын 4 самолётун атып түшүргөн. 1942-ж. марттагы аба салгылашында катуу жарадар болсо да, ок тийип бузулган самолётун душман ээлеген жерге аргасыз кондурган. 18 сутка боору менен жылып олтуруп советтик аскерлерге кошулган.

Жарадар эки бутун кестирип, протез кийип басуута үйрөнгөн жана өз өтүнүчү боюнча 1943-ж. 63-гвардиялык истребителдик авиаполкунда кызмат өтөп, душмандын дагы 7 самолётун атып түшүргөн. 1946-жылдан запаста. 1952-ж. Жогорку партиялык мектепти буткон. 1956-жылдан согуш ветерандарыньн Советтик комптетпнин жооптуу секретары. Маресьевдин эрдпги Б. Полевойдун «Чыныгы адам баяны» деген китебинде баяндалган. Ленин ордени, Октябрь Революциясы, Кызыл Туу, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйлан­ган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.