Дина Маслова

Википедия дан
Маслова, Дина‎»‎ барагынан багытталды)
Дина Маслова
Портрет
Ишмердүүлүк тармагы:

журналист, редактор, медиа-менеджер

Туулган датасы:

23 -сентябрь 1984(1984-09-23) (39 жаш)

Туулган жери:

Фрунзе, Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы

Жарандыгы:

 Кыргызстан

Сайт:

kaktus.media

Дина Маслова (төр. 23-Сентябрь, 1984, Фрунзе) — Кыргызстандык журналист, kaktus.media жана kaktakto.com сайттарынын негиздөөчүсү, Zanoza.kg жаңылыктар басылмасынын мурдагы башкы редактору, Red Jolbors Fest Борбор Азиядагы жарнама фестивалынын экс-президенти, vb.kg интернет-редакциясынын мурдагы башкы редактору, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Мухтар Борбугуловдун небереси[1][2].

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1990-2001-жылдары Фрунзе шаарындагы №6 орто мектебинде окуган. Алгач Дина Маслова Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтунун (ЭБПИИ) Кыргыз-европа факультети сунуштаган экономика жана француз тили адистиги боюнча окууга кызыгып жүргөн. Бул факультет Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) “көзүр картасы” болчу. Бирок ЭМПИИде коммерциялык бөлүм гана болгондуктан, мектепти аяктагандан кийин ал бул институтка тапшыруудан баш тартып, эки университеттин бюджеттик бөлүмдөрүнө – КМУдагы француз тилмечтигине жана курбуларынын кеңеши менен Кыргыз-Орус Славян университетинин журналистика факультетине тапшырган. Эки университетте тең кирүү экзамендерин ийгиликтүү тапшырып, Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык журналистика адистиги боюнча окууну чечти, себеби биринчи курстан эле бул кесипте өзүн сынап көрүүнү негизги мүмкүнчүлүк деп эсептеген [1] Archived 2022-02-01 at the Wayback Machine.

Журналисттик эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2006-жылы университетти аяктагандан кийин “Вечерний Бишкек” гезитинде кабарчы, 2008-жылдын январынан тарта атайын кабарчы болуп иштей баштаган. 2009-жылы экономикалык серепчи кызматын ээлеп, 2011-жылы күзүндө гезиттин интернет-редакциясын жетектей баштаган. Дина Маслованын салымынын натыйжасында “Вечерний Бишкектин” интернет-версиясы өз тарыхындагы эң олуттуу реформаларды башынан өткөрдү [2].

2009-жылдын 26-октябрынан 2010-жылдын 10-июлуна чейин Дина Маслова президент Бакиевдин катчылыгынын кызматкери болуп мамлекеттик кызматта иштеген. Ыңкылап маалында Өкмөт үйүнүн имаратында нааразылык акциясына чыккан оппозиция менен мамлекеттик күзөт кызматкерлеринин ортосунда куралдуу жаңжал чыгып, дал чордонунда калган. 2012-жылдан 2017-жылга чейин Дина Маслова Бишкекте жыл сайын өтүүчү “Red Jolbors Fest” эл аралык жарнама фестивалынын президенти жана уюштуруучуларынын бири болгон. Бул фестивалга Кыргызстандан, Казакстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан, Азербайжандан жана Орусиядан дизайнерлер, маркетологдор, жарнамачылар жана PR адистери катышып келет.

КМШ өлкөлөрүнүн журналисттери үчүн медиа-семинарларда баяндама жасап турат. Финансылык менеджмент боюнча экинчи жогорку билимге ээ болуп, экономика боюнча мастер-класстарды өткөрүп, көп жылдардан бери Кыргызстандагы активдерине байланыштуу көйгөйлөрү бар чет элдик инвесторлорго кеңеш берип келет.

2015-жылы “Вечерний Бишкек” басма үйү” ЖАКтын ээси алмашкандан кийин vb.kg сайтынын башкы редакторлугун таштап, компаниядан кетип калган. Редакциянын уюткусу менен Zanoza.kg маалымат сайтын түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн үстүнөн иштей башташкан. Маслова бул сайтта башкы редактор болчу. Zanoza.kg сайтынын негиздөөчүлөрү Маслова өзү жана журналист Нарынбек Идинов (псевдоними – Нарын Айып) болгон.

Атамбаевдин басылманын үстүнөн арызы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атамбаевдин “ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтиргени үчүн” “Азаттык” жана “Заноза” сотко чакырылды [3]

Мунун баары (*2017-жылдын 6-мартында) президент Алмазбек Атамбаевдин “ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүү” иши боюнча доо арыздан башталды. Доодо төрт жоопкер болгон. “Ата Мекендин” юристтери Азиз Канатбек менен Таалайкүл Токтакунова, “Заноза” жана “Азаттык” интернет басылмалары “жалган” маалымат таратууга айыпталышкан. “Заноза” басылмасынын башкы редактору Дина Маслованын айтымында, доо арыз тууралуу аларга соттон телефон чалгандан кийин гана билишкен. Маслова басылманы сотко оппозициялык “Ата Мекен” партиясынын юристтеринин басма сөз жыйынындагы маалыматы жарыялангандан кийин беришкенин билдирди. Башкы прокуратура жалпыга маалымдоо каражаттарынан “Ата Мекендин” юристтери берген документтер тууралуу макалаларга бөгөт коюуну талап кылган. Мындан тышкары, доо койгон тарап Атамбаевге келтирилген материалдык чыгымды төлөп берүүнү талап кылган. “Ата Мекендин” адвокаттарынан 10 миллион сом талап кылынса, ушундай эле сумманы “Азаттык” радиосу да төлөп бериши керек болчу. “Занозадан” үч миллион сом талап кылынган. Башка ЖМКлар жоопкерлердин тизмесинде болгон эмес. Юристтердин басма сөз жыйыны өткөн “АКИpress” басылмасы бул иш боюнча сотко күбө катары чакырылган.

“Ата Мекендин” юристтери 2017-жылдын 1-мартында басма сөз жыйынында алардын пикири боюнча Түркиянын атайын кызматына тиешелүү катты таратышкан.

Алар “бул кат кырсыкка учураган учакта президент Алмазбек Атамбаевге жана анын жубайына таандык жүк бар экенин далилдейт” деп ырасташкан.

Бирок Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч бул документтерди “жасалма” деп атап, алардын атайын кызматтары андай иштебей турганын билдирген.

УКМК бул документтерди “абсурд” деп атаса, президенттин аппараты мындай жалган билдирүүлөр менен адвокаттар “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча өтүп жаткан “тергөө иштерине басым жасоого” аракет кылып жатышканын билдирген.

Башкы прокуратуранын “Заноза” жана “Азаттык” басылмаларына экинчи доо арызы [4]

*2017-жылдын 9-мартында* Башкы прокурор Индира Жолдубаева “Заноза” менен “Азаттыкка” каршы дагы бир доо арыз менен кайрылган. Сотко кайрылууга оппозициялык саясатчы Өмүрбек Текебаевдин Кипрге сапары тууралуу айткан сөздөрү себеп болгон.

Түркиянын “Haberler” басылмасында Өмүрбек Текебаев Кипрде бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиев менен жолукканы тууралуу макала жарыяланды. “Азаттык” жана “Заноза” порталдары “Haberler” басылмасынын материалын которуп, өз сайттарына жарыялашкан.

Алар оппозициялык саясатчы Өмүрбек Текебаевден да комментарий алышкан, Текебаев “Бакиев менен жолуккан” деген маалыматты четке каккан.

Текебаевдин комментарийи менен чыккан кабар бул эки басылманын сайттарынан доогердин талабы менен өчүрүлгөн. Андыктан Текебаевдин кайсы сөздөрү доо арызга негиз болгону белгисиз.

Доо арызда Текебаев тараткан маалымат чындыкка дал келбей турганы, өлкө президентинин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүгө багытталганы белгиленген.

Арызда “Заноза” элдин алдында Атамбаевдин терс образын түзүү максатында тексттерди атайылап редакциялаганы айтылат. “www.zanoza.kg сайтында жогоруда аталган басылмалар боюнча доо коюу үчүн негиздер бар экендиги аныкталып, анда Текебаев берген маалыматтарды жайылтууда текстти атайылап жана максаттуу редакциялап, таратууга жол берилген, бул болсо окурмандар арасында мамлекет башчысы тууралуу терс пикирди жаратуу максатында жасалган [...]”, — деп айтылат билдирүүдө.

Башкы прокуратура президентке келтирилген моралдык зыян үчүн “Занозадан” 3 миллион сом жана “Азаттыктан” 10 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылган.

“Занозанын” тең негиздөөчүлөрү Дина Маслова менен Нарын Айып беш доо арыз боюнча сотто утулуп, президентке 27 миллион сом төлөп бериши керек эле. Сот Нарын Айыпты Атамбаевге 9 миллион сом, Маслованы 3 миллион сом, басылманын өзүнө 15 миллион сом өндүрүп берүүгө милдеттендирген. Ошондой эле доо арыздардын биринде тең жоопкер катары Жакупова Атамбаевге 3 миллион сом төлөп бериши керек болчу[3].

Медиа Полиси Институтунун юристтери бардык беш соттук териштирүүдө айыпталуучулардын – «ПроМедиа» коомдук фондунун, анын негиздөөчүлөрү Нарынбек Идиновдун (үч талаштуу макаланын автору) жана Дина Маслованын (www.zanoza.kg сайтынын башкы редактору) тарабын коргошкон [5]

Кийинчерээк экс-президент Алмазбек Атамбаев “Заноза” онлайн-басылмасынын негиздөөчүлөрүнөн, ошондой эле укук коргоочу Чолпон Жакуповадан 30 миллион сом компенсация алуудан баш тарткан [6].

Kaktus.media[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Заноза” онлайн-басылмасын бөгөттөөнүн натыйжасында 2017-жылдын 1-августунда Маслова Kaktus.media деген жаңы маалымат сайтын негиздеген. Дина Маслова журналисттик ишин улантып, «Коом» [7][8], «Экономика» [9], «Саясат»[10] бөлүмдөрүнө материалдарды жазат. 2020-жылдын декабрынан баштап сайт кыргыз тилинде контент жаратып келет.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Архивированная копия(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 17 -август (баш оона) 2015. Түп булактан архивделген күнү 5 -март (жалган куран) 2016.
  2. Архивированная копия(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 17 -август (баш оона) 2015. Түп булактан архивделген күнү 5 -март (жалган куран) 2016.
  3. Айсымбат Токоева. Атамбаев отказался от компенсации в 30 млн сомов от учредителей «Занозы» и правозащитницы Джакуповой (орус.)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы) (18 -май (бугу) 2018). Текшерилген күнү 26 -июнь (кулжа) 2020.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]