Кактус Медиа

Википедия дан
Kaktus.media
URL

kaktus.media

Сайттын түрү

ММК

Жеткиликтүү тилдер

кыргызча, орусча

Ээси

«ПроМедиа Плюс» коомдук фонду

Автору

Дина Маслова

Ачылган күнү

1-август 2017-ж; 6 жыл мурун (2017-08-01)

Сервердин жайгашкан жери

Кыргызстан Бишкек, Кыргызстан

Дареги

Бишкек, Касым Тыныстанов, 197/1 көч.

Учурдагы абалы

Иштейт (Активдүү)

Kaktus.media же Кактус Медиа[1] — Кыргызстандын окурмандарына арналган, «Медиа Тренд» ЖЧКга таандык кабар сайты[2]. 2017-жылы соттун чечиминин натыйжасында Zanoza сайты жабылгандан кийин уюшулган[3][4].

Сайт айына 1 миллиондон ашык окурманы бар өлкөдөгү алдыңкы онлайн медиалардын бири[5].

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Kaktus.media сайты 2017-жылы Zanoza.kg аттуу маалыматтык-мультимедиа порталынын ордуна пайда болгон. 2015-жылы Кыргызстандагы эң ири басылмалардын бири — «Вечерний Бишкектин» башчылары алмашкандан кийин редакциялык саясатты өзгөртүү жана штатты кемүү боюнча чечим кабыл алынган[6][7]. «Вечерний Бишкектин» интернет редакциясынын мурдагы редактору Дина Маслова жана «Вечерний Бишкек» гезитинин башкы редактору Нарын Айып (Идинов) гезиттеги өзгөрүүлөрдү рейдерлик басып алуу[8] деп атап, гезиттин мурдагы кызматкерлер командасы менен биригип, Zanoza.kg маалымат басылмасын негиздеген[9].

2017-жылдын мартында Zanoza порталы ал убактагы президент Атамбаевдин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирди деп айыпталган[10][11]. Соттор доо арыздарды канааттандырып, сайттын негиздөөчүлөрүн Атамбаевге келтирилген моралдык зыян үчүн ири сумма компенсация төлөп берүүгө милдеттендирген[12][13].

Бул окуя Human Rights Watch уюмунун 2018-жылдагы Дүйнөлүк баяндамасына Кыргызстанда сөз эркиндигинин начарлашына таасир эткен факторлордун бири катары киргизилген[14]. Ошондой эле, «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун маалыматы боюнча, маалымдоо каражаттарына каршы миллиондогон долларлык соттук териштирүүлөр Кыргызстандын 2018-жылы Дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин индексинде тогуз позицияга төмөндөшүнө таасирин тийгизген[15][16].

2018-жылдын май айында экс-президент Алмазбек Атамбаев Zanoza басылмасынын негиздөөчүлөрүнө койгон дооматтарынан баш тарткан[17].

Бирок Zanoza.kg сайтына бөгөт коюу коркунучунан улам, 2017-жылдын 1-августунда Дина Маслова Kaktus.media аттуу жаңы маалыматтык порталын негиздеген[18]. Анда редакциянын журналисттери эми көңүл ачуучу, агартуу форматына басым жасалаарын айтышкан[19].

Басылманын аудиториясы — өлкөнүн кыргыз тилдүү калкы. Порталдын кыргыз жана орус тилдеринде версиялары бар. Күнүмдүк рубрикалар: «Саясат», «Экономика», «Окуялар», «Шоу-бизнес», «Пайдалуу», «Окуялар», «Call-борбор».

Сын-пикирлер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2022-жылдын 27-январында Kaktus.media журналисттери Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакты чагылдырып жатып, ASIA Plus аттуу тажик гезитинин макаласын редакциялык комментарийисиз, бирок булакка шилтеме берип, кайра басып чыгарган.

Кийинчерээк басылманын журналисттери материалды алып салып, ал жарыялоонун максаты Кыргызстандын коомуна тажик бийлигинин маалымат саясатын жана алар өз жарандары үчүн окуянын кандай версияларын берип жатканын көрсөтүү экенин түшүндүрүп, угармандардан кечирим сурашкан[20].

2022-жылдын 31-январында материалды кайра басып чыгаруу фактысы боюнча прокуратура тарабынан «согушка үгүттөө» боюнча кылмыш иши козголгон[21]. Андан кийин Бишкек шаарынын прокуратурасы редакциянын 14 кызматерин, анын ичинде бир нече редакторун суракка чакырган[22]. 28-январда Kaktus.media алдында 20дай адам бул маалымат каражатын жабуу талабы менен митингге чыгышкан. Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК) басылманы «чыккынчылык кылды» деп айыптады. Ошондой эле коркутуулар, социалдык тармактардагы кызматкерлердин редакциялык жана жеке аккаунттарын бузуп алуу аракеттери тууралуу айтылат. Kaktus.media жетекчиси Дина Маслова басылмага каршы козголгон кылмыш ишин кысым көрсөтүүнүн ыкмаларынын бири деп атады[23].

2022-жылдын 31-мартында прокуратура кылмыштын курамы жок болгондуктан кылмыш ишин токтоткон[24][25].

2022-жылдын 13-октябрында Бишкектеги «Азаттык» радиосунун редакциясынын жанында митинг өттү. Митингчилер Клооп, «Азаттык» жана Kaktus.media басылмаларын жабууну жана чет элдик агенттер боюнча мыйзамды кабыл алууну талап кылышты[26]. Катышуучулардын көбү жүзүн жашырып, пикирлерин билдирүүдөн баш тартышкан. Нааразылык акциясын блогер жана активист Илимбек Исраилов координациялады[27]. Ал бул басылмалар «өлкөдө батыш маданиятын жайылтып жатышат» деп билдирди. Митингден бир күн мурун Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналында депутат Надира Нарматова Kloop, «Aзаттык» жана Kaktus.media сыяктуу бир катар маалымдоо каражаттарын жабуу боюнча президентке жолдогон кайрылууга кол койдуруп жатканын билдирген.

Эртеси, 2022-жылдын 14-октябрында сөз эркиндиги үчүн жөө жүрүш уюштурулду[28]. Ага депутаттын Кыргызстандагы көз карандысыз маалымдоо каражаттарын жабуу боюнча демилгесине каршы чыккан укук коргоочулар, активисттер жана журналисттер катышты[29][30].

2022-жылдын 28-октябрында Kaktus.media өлкөнүн башка басылмалары менен бирге массалык маалымдоо каражаттарына кысым көрсөтүүгө каршы масштабдуу маалыматтык кампанияга катышып, саат 09:00дөн 12:00гө чейин жаңылыктарды жарыялоону токтотуп, күн бою мамлекеттик органдардын пресс-релиздерин жарыялоодон баш тартууну жарыялады[31][32]. Мындай жол менен журналисттер 26-октябрда Маданият министрлиги «Азаттыктын» сайтын эки айга жаап койгонуна байланыштуу «Азаттык» үналгысынын кыргыз кызматына колдоо көрсөтүштү[33][34].

2019-жылдын май айынын башында Казакстандын бийлиги Алматыдагы марафондо «Чындыктан качууга болбойт. Менин тандоом бар» деп жазылган плакатты жайган эки активисттин кармалуусу жөнүндө Kaktus.media макала чыгаргандан кийин Казакстанда сайтты жабышкан. Казакстандын Маалымат жана коммуникациялар министрлиги Kaktus.media сайтын бөгөттөлгөндөрдүн тизмесине кошкон эмес. Бирок, kazbt.com сайттарга кирүүнү көзөмөлдөө ресурсуна ылайык, кыргыз сайты жеткиликсиз болуп көрсөтүлгөн[35]. 2022-жылга карата Казакстанда Kaktus.media сайты жеткиликтүү болууда.

Орусияда редакциянын сайты Роскомнадзордун буйругу боюнча 2021-жылдан бери бөгөттөлүүдө[36].

Башчылар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«ПроМедиа Плюс» КФ президенти, басылманын жетекчиси жана негиздөөчүсү Дина Маслова.

Башкы редактору Наталья Тимирбаева.

Сыйлыктар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кактус Медиа журналисттери кесипкөй журналистика жаатындагы абройлуу сыйлыктарга ээ болуп келишет, анын ичинде:

  • MEDIA CAMP AWARD (2019, 2021, номинациялар «Жардам берүүгө убакыт», «Жеңүүгө убакыт», «Жаратууга убакыт») — Марина Мирошник[37];
  • MEDIA CAMP СЫЙЛЫГЫ (2021, номинация «Жеңүүгө убакыт») ― Бермет Уланова;
  • UMMA (2022, маданияттар диалогуна жана Кыргызстандагы исламофобияга каршы күрөшкө кошкон салымы үчүн) ― Бермет Уланова;
  • Журналисттик иликтөө фонду (Үмүт номинациясы) — Марина Сколышева[38];

«Умтулуу-2020» улуттук сыйлыгы:

  • «Тынчтык жана макулдашуу» номинациясында «Сирияда «унутулган» балдар . Кыргызстан аларды кайтара алабы ?» макаласы үчүн биринчи орун — Бермет Уланова;
  • «Бийлик жана коом» номинациясында «Биз коомдук кабылдамаларга кантип бардык. Дагы бир эксперимент» макаласы үчүн экинчи орун — Диля Юсупова, Алена Постельнак;

«Умтулуу-2021» улуттук сыйлыгы:

  • «Тынчтык менен ынтымак» номинациясында «2010-жылындагы трагедияда энесин, бир тууганынан жана карындашынан ажыраган Хасилжандын окуясы» макаласы үчүн үчүнчү орун — Бермет Уланова;
  • «Маданият жана билим берүү» номинациясында «Эже, менде телевизор жок» деген макала үчүн үчүнчү орун. Кыргызстанда мектеп окуучуларынын аралык окууга мүмкүнчүлүгү жок» — Наталья Тимирбаева;
  • «Дени сак улут» темасына берилгендиги үчүн кесиптештердин таануусу» атайын номинациясы — Марина Мирошник;

«Умтулуу-2022» улуттук сыйлыгы:

  • «Жардам берүүгө убакыт». «Чек арадагы жаңжал учурунда Баткендин тургуну 190 адамга баш калкалоочу жай берген. Каарман Гүлнара Жолболдуева» макаласы үчүн биринчи орун — Бермет Уланова;
  • «Акча жок, бирок адамдарга жардам берүү каалоосу бар» майып аял фонд ачты» макаласы үчүн экинчи орун — Бермет Уланова.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://economist.kg/novosti/2022/02/01/v-otnoshenii-kaktus-media-vozbudili-ugolovnoe-delo/
  2. Ачык офёрта
  3. В Киргизии идет предвыборная кампания против СМИ – Газета Коммерсантъ № 118 (6112) от 04.07.2017.
  4. Кыргызстан: Чиновники сковывают журналистов гигантскими суммами ущерба за клевету.
  5. Kaktus.Media - один из лидеров онлайн-медиа в Кыргызстане. Текшерилген күнү 2 -ноябрь (жетинин айы) 2022. Түп булактан архивделген күнү 27 -октябрь (тогуздун айы) 2022.
  6. Кыргызстан: В газете «Вечерний Бишкек» массово увольняют сотрудников и меняют редакционную политику (27.08.2015).
  7. Э. Алканова. Главред «Вечёрки» создаст новое издание после смены начальства (25.08.2015). Текшерилген күнү 2 -ноябрь (жетинин айы) 2022. Түп булактан архивделген күнү 28 -октябрь (тогуздун айы) 2022.
  8. Эльдияр Арыкбаев. Газета «Вечерний Бишкек» заявила о «рейдерском захвате» издания (25 -сентябрь (аяк оона) 2014).
  9. Как Заноза стала Кактусом.
  10. Kyrgyzstan: President Targets Critics (англисче) (12 May 2017).
  11. “Inciters, deceivers, slaves”: Kyrgyzstan’s president takes aim at the press (англисче) (30 March 2017).
  12. За что киргизские власти обиделись на СМИ – DW – 20.06.2017 (орусча) (20 -июнь (кулжа) 2017).
  13. Иски на 40 миллионов к "Занозе" — какие решения вынесли суды (орусча) (20170828T1353+0600).
  14. Кыргызстан: Нарастающее давление на медиагруппы (орусча) (28 -март (жалган куран) 2017).
  15. Кыргызстан опустился на 98 место в рейтинге свободы прессы (орусча).
  16. RSF: Надеемся, что давление на СМИ Кыргызстана уменьшится.
  17. Атамбаев отзывает миллионные претензии к Айыпу, Масловой и Джакуповой (орусча) (18 -май (бугу) 2018).
  18. Контент анализ представленности Центральной Азии, Кавказа, Украины и Молдовы в СМИ Кыргызстана в 2017 году (2018).
  19. Изданию «Заноза» пришлось сменить название на «Кактус» из-за решения суда (1.08.2017).
  20. О ситуации вокруг интернет-издания “Кактус.Медиа”. journalist.kg. Текшерилген күнү 2 -ноябрь (жетинин айы) 2022. Түп булактан архивделген күнү 28 -октябрь (тогуздун айы) 2022.
  21. В Кыргызстане завели дело на Kaktus.media: издание подозревают в пропаганде войны из-за статьи о конфликте на границе.
  22. Возбуждение уголовного дела в отношении издания Kaktus.media - это посягательство на свободу слова в Киргизии, считает Amnesty International (10 -февраль (бирдин айы) 2022).
  23. Дина Маслова: Уголовное дело в отношении Kaktus.media – один из инструментов давления.
  24. В Кыргызстане арестованы оппозиционеры. Cайт «Радио Свобода»* заблокирован после освещения конфликта с Таджикистаном (орусча) (29 -октябрь (тогуздун айы) 2022).
  25. За отсутствием преступления. Уголовное дело в отношении Kaktus.media прекращено (19 -май (бугу) 2022).
  26. В Бишкеке проходит митинг: требуют закрыть «Клооп», «Азаттык» и Kaktus -.
  27. Одним кадром: Митингующие против «Азаттыка» скрывали свои лица. Текшерилген күнү 2 -ноябрь (жетинин айы) 2022. Түп булактан архивделген күнү 30 -октябрь (тогуздун айы) 2022.
  28. Kyrgyz Activists, Journalists Demonstrate In Support Of Free Media After Anti-RFE/RL Rally.
  29. В Бишкеке пройдет марш за свободу слова - когда и где? (14 -октябрь (тогуздун айы) 2022). Текшерилген күнү 2 -ноябрь (жетинин айы) 2022. Түп булактан архивделген күнү 30 -октябрь (тогуздун айы) 2022.
  30. Митинг кыргызских активистов и журналистов в поддержку свободных СМИ (14 -октябрь (тогуздун айы) 2022).
  31. Ведущие кыргызстанские СМИ из‑за давления на свободную прессу решили временно отказаться от публикации новостей (орусча).
  32. Акция солидарности: Kaktus.media не публикует новости до 12:00.
  33. Минкультуры Кыргызстана заблокировало сайт кыргызской службы Радио Свобода/Азаттык.
  34. Министерство Кыргызстана заблокировало сайт Радио Свободы из-за кыргызско-таджикской границы (en-US).
  35. В Казахстане заблокировали сайт Kaktus.media.
  36. https://stanradar.com/news/full/48582-komu-nuzhno-vtjanut-rossiju-v-skandal-s-kaktus-media-.html
  37. Определены финалисты конкурса MediaCAMP Award 2021.
  38. Вручены первые премии имени Эгизбаева за лучшее журналистское расследование.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Абдикеримова Ж. т. Азыркы Кыргызстандын саясий акыбалда медианын ишмердүүлүгү // Орусия илимий электрондук КиберЛенинка китепканасы // Волга башкаруу институтунун жарчысы. - 2020. - 20-том, №. 6. - С. 28-36. - ISSN 1682-2358.
  2. Human Rights Watch. World Дүйнөлүк доклад 2018. - 2018. - 330-б.

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]