Маслов, Пётр Павлович

Википедия дан

Маслов, Пётр Павлович [15(27). 07. 1867, Масловка кыштагы, азыркы Орен­бург облусу.— 04. 06.1946, Москва] — орус экономисти, социал-демократ; СССР ИАнын акад. (1929).

Харьков ветеринардык институтунда окуган. Н. Е. Федосеевдин маркстик ийрим мүчөлөрү менен кат алышып, 1889-ж. ийримдеги иши боюнча 3 жылга камалган. 1894-ж. Вена университетинен окуган. Россиядагы марксист­тик «Самарский вестник» газетасын редакциялап (1896—97), кийин Петер­бургда «Научное обозрение», «Жизнь», «Начало» журналдарын чыгарууга катышкан. Ал агрардык маселе, жер рента теориясы ж. б. ушул багыттагы эмгектеринде маркстик саясий экономиянын бир топ жобосун ревизиялаган.

Масловдун кез карашын В. И. Ле­нин бир катар эмгектеринде катуу сындаган. Маслов Октябрь революциясынан ки­йин саясий иштен четтейт да, педагогикалык жанa илимий ишке өтүп, социализмдин саясий экономиясынын маселелери боюнча иштеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.