Массалардын аракеттенүү мыйзамы

Википедия дан

Массалардын аракеттенүү мыйзамыфизика, химиянын негизги закондорунун бири. Химиялык тең салмактуулук абалында реакцияга кирүүчү активдүү массалардын өз ара катышын туюнтат.

Массалардын аракеттенүү мыйзамынын мааниси — тең салмакта турган химиялык реакциялардын жүрүш ылдамдыктарын концентрация менен байланыштыргандыгында. Химиялык реакциялардын ылдамдыгы реакцияга кире турган заттардын концентрацияларынын көбөйтүндүсүнө барабар деген белгилүү эреже бул мыйзамдын негизинде келип чыккан.

Химиялык тең салмактуулукту изилдөө — химиялык термодинамиканын маңыздуу бөлүмү. Андагы ар түрдүү эсептөөлөр ушул мыйзамды кенен колдонуу менен жүргүзүлөт.

1864―1867-жылдары норвегиялык химиктери К.Гульдберг, П.Вааге ачышкан. М. т. э. з. реакцияга кирген заттар менен пайда болгон продуктулар ортосунда теңдештик абал пайда болгондо SnimI болот деп далилдейт. Мында mI - тутумдун i компонентинин хим. потенциялы, n – анын стехиометриялык коэффициенти (ал реагенттер үчүн терс, продуктулар үчүн оң сан). mA + nB = pC + qD процессинде түз жүргөн реакциянын ылдамдыгы V1 = K1 [A] m ·[B] n, кайталанма реакцияныкы V2 = K2 [С] p ·[D] q болот. Качан гана V1 = V2 болгондо теңдештик абал түзүлөт да, анын константасы:

[С] p ·[D] q (продукты) 

К = ————————

[A] m ·[B] n ( башт.зат)  

Мында К – теңдештик константасы, (К=К1/К2), К1 менен К2 – түз жана кайталанып жүргөн реакциялардын ылдамдык константалары. Буларды константа деп шарттуу аташат, себеби алар берилген шартта, берилген реакция үчүн гана туруктуу. Константа реагенттер концентрацияларына көз каранды эмес.

Булактар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.
  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6