Массанын сакталуу мыйзамы

Википедия дан

Массанын сакталуу мыйзамы ― химиялык реакцияга катышкан заттардын массасы реакциянын натыйжасында пайда болгон продуктылардын массасына барабар экендигин көрсөткөн мыйзам.

М. В. Ломоносов (1756-жылы) металлды жылытууда сырттан аба кирбесе массасы өзгөрбөстөн сакталып, оозу ачык идиштерде ысытса массасы оор болуп калганын изилдөөдө жана А. Лавуазье (1774―1777-жылдары) көп сандаган тажрыйбалар негизинде ачышкан. Бул мыйзам химиялык реакциянын жүрүшүндө реакцияга кирген .атомдордун саны өзгөрбөйт деген жалпы эрежеге негизделген. Мисалы, суунун 1 молунун массасы 18 гга барабар. Эгерде аны ажыратсак, ал 2 г суутек жана 16 г кычкылтекке ажырайт, б. а. 1 моль Н2О →1 моль Н2 + 1/2 моль О2 же 18 г Н2О→2 г Н2+16 г О2. Мыйзам биринчилерден болуп ачылган химиянын фундаменталдык мыйзамдарынын бири болуп эсептелет.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6