Мас Анчи

Википедия дан

Мас Анчи, Ма Сан-чи Магазы [14(27). 07. 1885, Жети-Суу облусу, Пишпек уезди, Кара-Коңуз айылы, Кыргызстандын, Чуй р-ну, Масанчи кыш.— 1938] — Орто Азия менен Казакстанда Совет бийлигин орнотуу учун активдүу күрөшүүчү.

Верныйлык(Алматылык) кедей дыйкан үй-булөден. 1918-жылдан КПСС мучесу. 1910—17-ж. падыша армиясында кызмат өтөгөн. 1917-ж. ноябрда Ташкенде Совет бийлигин орнотууга, Граждандык согуш мезгилинде Кызыл Армиянын улуттук бөлукторун түзүүго, Ташкенде (1919, янв.), Пржевальскийде (1919-жылдын аягы) жанa Верныйда (1920, июнь) Совет бийлигине каршы козголоңдорду басууга катышкан. Мас Анчи 1920-ж. октябрь— ноябрда дунган аткычтар полкун уюштурган. 1921-ж. Коиинтерндин 3-конгрессине катышып. В. И. Ленинге жолуккан. 1922-жылдан Жети-Суу облпарткомунун, облустук жер бөлүмү коллегиясынын облустук кооператорлор союзунун башкармасына, Кошчe союзунун обкомуна мучо бол­гон.

Ал Жети-Сууда туңгуч дунган мектебин ачуута, «Страна Советов» колхозун жанa комсомол уюмдарын уюштурууга белсене катышкан. Жети- Суу комсомолдорунун З-съездинде Туркстан комсомолунун ардактуу му­чөсу болуп шайланган. 1932-жылдан Өзбек ССР Юстиция эл комиссарына орун басар болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.