Матаев Разыбек

Википедия дан

Матаев Разыбек 1948-жылы Сузак районунун Кызыл- Кыя айылында туулган.

  • Орто мектепти аяктагандан кийин, Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайына тапшырып, аны ийгиликтүү аяктап, эмгек жолун мектепте мугалим болуп иштеп баштаган.
  • Кийинки жылдары Оштогу курулуш техникумун, Бишкектеги айыл чарба институтун аяктап «Дружба» совхозунда прораб, зоотехник, башкы зоотехник, директордун орун басары, Жалал-Абаддагы сүт өндүрүү бирикмесинде директордун орун басары, дыйкан чарбанын директору болуп иштеген.
  • Айыл кеңештин депутаты болгон.
  • Бир канча Ардак грамоталар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланган.
  • 2012-жылы күтүүсүз кырсыктан каза болгон


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3