Мазмунга өтүү

Матан уулу Мамыт

Википедия дан

Матан уулу Мамыт (1875-1962) Зергер. Тоң районундагы Коңур-Өлөң айылында төрөлгөн.

Устанын кайыш ийлөө, шири ыштап, ага «наар», «чийме сынпос» түшүрүү, көн даярдоо ыкмалары учурунда жазылып алынган эмес. Маамыт учурунда ат жабдыктарын жана кыз-келиндердин зер буюмдарын арбын хармаган. Өтүк, маасы, кепич, мөкү, кете өңдүү бут кийимдерди ултарган. 1916-жылкы Улуу Үркүндө Маамыт уста узанган он эки зер буюмун, он эки үйдүн асем эмеректерин өрө кийизге ороп, үңкүргө катып, эл менен кошо Турпанга кетет. 1918-ж. качкындар туулган жерине кайтат. Бай-манаптар атактуу устага өчөгүшүп, үйүн өрттөп, аны аябай кыйнайт. Алиги салыкты алууга, элге таратып берүүгө эч мүмкүнчүлүгү болбойт. Кийин каткан жери белгисиз болуп кала берет. Небереси Элебес кызы Какиш - «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинде тери буюмдары боюнча үлгү жараткан үйдөн уздануучу чебер.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0