Матвей Блантер

Википедия дан

Блантер Матвей Исаакович – (28.1(10.2). 1903, Чернигов губерниясы, Мглин уезди, Почеп, азыркы Брянск облусу 24. 9. 1990, Москва) орус композитору, РСФСР искуствосуна эмгек сиңирген ишмер (1947), СССР эл артисти (1975), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1983). 1917-19-ж. Москва филармония коомунун музыкалык драма окуу жайында (скрипка классында) окуган. 1920-ж. Москвадагы «Мастфор» театр эстрадасы студиясында, түрдүү эстрада жана драма театрларында иштеген. Жеңил ыр-бий жанрында анын фокстроттору («Джон Грей», «Фудзияма», «Багдад») кеңири белгилүү. 1930-ж. Блантердин чыгармачылыгынын мүнөзү кескин өзгөрүлгөн. «Партизан Железняк» жана «Щорс жөнүндө ыр» аттуу чыгармалары менен ал ыр жанрынын баштоочусу болуп калды. 1936-жылдан СССР мамлекеттик жаз оркестринин көркөм жетекчиси; коллектив анын М. В. Исаковскийдин сөзүнө жазылган «Катюша» (1939) аттуу ыры менен белгилүү болгон. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде «Кош болгула шаарлар жана үйлөр» (1941), «Менин сүйүктүүм» (1942), «Оттор» (1943) жана башка мыкты чыгармаларын жараткан. «Душмандар үйүмдү өрттөштү» (1945), «Келгин куштар» (1949) жана башка көптөгөн ырлары эл арасына кеңири тараган. СССР мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1946).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]