Математикалык конструктивизм

Википедия дан

Математикалык конструктивизм - конструкциялоо процесстери, аны аткаруучу адам жөндөмү жанa конструкцияланган нерсе жөнүндөгү абстракттуу илим.

Математикалык конструктивизмде эки аб­стракция колдонулат:

1) потенциалдуу ишке ашыруу абстракциясы (кон­струкциялоо мүмкүндүгунүн мейкин, мезгил жанa материалы боюнча чектелгендиктерин эске албоо),

2) теңештирүү абстракциясы (тигил же бул белгиси боюнча окшош эки нерсени бир эле нерсе катары кароо). Конструк­циял анган нерсенин эң жөнөкөй үлгүсү — жазылган (тамгалардан куралган) сөз.

Математикалык конструктивизмдин өнүгүшү 20-кылымдын 30-жылдарына таандык жана А.Черч, С.Клини, А.Тьюринг ж. б-дын алгоритм түшүнүктөрүн тактаган эмгектери менен байланыштуу. Математикалык конструктивизмдин өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон советтик окумуштуулар: А. Марков, Н. Шанин ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.