Материалдык жана моралдык кызыктыруу
Материалдык жана моралдык кызыктыруу - социализмде адамдарды эмгекке тартуу алардын жигердүүлүгүн демилгел уулугун жогорулатуу формасы, каражаты жана методу.
Бардык экономикалык формацияда кызыктыруу адам ишкердуулугунун кыймылдаткычы болуп саналат. Социализмде эмгекчилер бут коомдун, анын мүчөлөрүнүн өсүп жаткан керектөөсун канааттандыруу максатында эл чарбасын бардык жагынан өнүктүрүп, өлкөнүн коомдук байлыгын туруктуу, тез температура менен алга жылдырууга аракеттенет. Ар бир адам өзү жана элдпн жыргалчылыгы учун иштейт. Бирок эмгек али башкы муктаждыкка айлана элек, ал азырынча жашоо кара- жаты катары сакталууда. Ошондуктан социализмде жана коммунизмге өтүү мезгилинде эмгекке кызыктыруудагы эң негизги нерсе — жумушчунун өз эмгегинин натыйжасына жеке материалдык кызыкчылыгы. Мында материалдык жана рухий байлык ар жумушчуга эмгегине жараша бөлүштүрүлөт. Мамлекеттик ишкана менен мекеменин кызмат акы системасында (к. Эмгек акы), колхоздордо эмгегине жараша акы, сыйлык, кошумча акы төлөнөт. Жеке материалдык кызыктыруу — соодалык өндүрүштү өнүктүрүүнүн башкы кыймылдаткыч кучу. Материалдык жана моралдык кызыктыруу органикалык бирдикте жана өз ара байланышта болот. Жумушчу эмгегинин натыйжасынан материалдык гана сыйлык албастан, ошондой эле моралдык жактан канааттанып, өндүрүш менен социалдык мелдештин демилгечисине айланат. Анын эмгеги колдоого алынып, жалпы элдик кадырга ээ болот да, башкаларга үлгү көрсөтөт. Мындай кызыктыруу жөнүндөгу В. И. Лениндин осуятын жетекчиликке алып, Компартия менен Совет өкмөтү ага зор маани берчү.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.