Материал ресурстар чыгымын нормалоо

Википедия дан

Материал ресурстар чыгымын нормалоо - социалдык өлкөлөрдө продукция бирдигин же тийиштүү жумушту жасоо үчүн материал чыгымдоо ченин планда белгилөө.

Ал эмгек заттарынын элементи — сырьё, материал, отун ж. б-нын өндүрүштө пайдалануу ченемин мүнөздөйт. Эл чарбасынын бардык тармагында ма­териал сарптоо белгилүү нормага ылайык пландаштырылып, материал ресурстарынын керектиги аныкталат. Норма материал баланстарын түзүүлүн техникалык-экономикалык негизи болот да, сырьё, материал, отун, электр энергияны бөлүштүрүүдө, алардын туура чыгымдалышын контролдоодо пайдаланылат. Материал ресурстарын чыгымдоонун жылдык жанa күндөлүк нормалары, ошондой эле аналитикалык эсептөө, өндүруштүк тажрыйба жнa отчёт-статис­тика методу болот.

Норма ишкананын өзүндө иштелип, жалпылоону жанa контролдоону өнөр жай бирикмелери, министерстволор, ведомстволор, ал эми методологиялык жетек- чиликти СССР мамлекеттик пландоо комитети жүргүзчү.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.