Матиев Кадырбек

Википедия дан

Матиев Кадырбек - cынчы, адабиятчы.

Кадырбек Матиев Сузак районундагы Ак-Тоок айылында 1938-жылы 20-майда туулган.
1955-жылы А.С.Пушкин атындагы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын,
1960-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн.
1962–1965-жж. Кыргыз ССРинин ИАсынын философия жана укук институтунун аспирантурасында окуган.
1965-жылы философия илимдеринин кандидаты,
1999-жылы «Рух жана руханийлик проблемасынын философиялык маңызы» темасы боюнча докторлук диссертациясын жактаган.
Эмгек жолун 1960-жылы «Кыз-Көл» орто мектебинде орус тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп иштөө менен баштаган.
1965-жылдан Кыргыз ССР ИАсынын Философия жана укук институтунда кенже илимий кызматкер,
1970-жылы КМУнун диалектикалык материализм кафедрасында окутуучу,
1971-жылдан Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун марксисттик-лениндик философия кафедрасынын доценти,
1981-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгынын драматургия секциясында, «Ала-Тоо» журналында бөлүм башчы,
1984–1986-жж. көркөм котормо секциясын жетектеп,
1988-жылы УИАсынын алдындагы адабият жана көркөм-прикладдык искусство институтунда,
1993-1998-жж. Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясында гуманитардык илимдер бөлүмүн жетектеп, «КТР-Обо» газетасында кабарчы болгон. К.Матиев ыр жазууну мектепте окуп жүргөн кезинде, адабий сын ишмердүүлүгү менен 1962-жылы баштаган. Биринчи адабий сын макалалар жыйнагы «Турмуш художниктин көзү менен» деген ат менен 1970-жылы басылып чыккан. 1971-жылы орус тилиндеги монографиясы «Лирическое в искусстве как эстетическое явление» деген ат менен жарык көргөн.
К.Матиев котормо үстүндө дагы эмгектенген. Анын бир катар ырлары, илимий, адабий-көркөм макалалары «Чүй баяны», «Азия нуру» ж.б. гезиттерде жарыяланган.
1984-жылдан СССР жазуучулар Союзунун мүчөсү.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Турмуш художниктин көзү менен. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 174 б.

Орус тилинде

Лирическое в искусстве как эстетическое явление. – Ф.: Илим, 1971. – 151 с.

Природа художественного образа: Сб. статей. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 108 с. ‎