Матрица (үчилтик)

Википедия дан

Матрица (англ. The Matrix) – адамзатты өтө татаал реалдуу эмес жашоо системасына көз каранды кылган машина башкаруучуларга каршы чыгып, үмүтсүз согушта күрөшкөн каармандар жөнүндөгү, Вачовски бир туугандар ойлоп тапкан илимий-фантастикалык тез аракеттүү медиа үчилтиги.

Сериялар "Матрица" (англ. The Matrix, 1999) көркөм тасмасы менен башталат, "Матрица: Кайрадан баштоо" (англ. The Matrix Reloaded, 2003) жана "Матрица: Революция" (англ. The Matrix Revolutions, 2003) бөлүмдөрү менен уланат, тасмалардын сценарий жана режиссурасы Вачовски бир туугандарына таандык. Тасмалардын продюсери Жоэл Сильвер болгон. Бул үчилтик Village Roadshow Pictures менен бирге иштеген Warner Bros. компаниясына таандык. Биринчи аталган компания Silver Pictures менен бирге баардык үч тасмалардын өндүрүү процесстеринде катышкан.

Сынчылардын оң сын пикирлерине ээ болгон биринчи тасма финансылык жактан ийгиликтүү болуп Оскар сыйлыгына татыган, ал баардыгына таанымал болгон "кызыл жана көк дары" (англ. red pill and blue pill) аталышындагы маданий символдорун жаратып тасма тартуу өнөр жайына таасирин тийгизген. Ушул себептерден улам тасманы сактап калуу үчүн ал Улуттук тасма тизмесине кошулган. "Матрица" тасманын биринчи бөлүмү финансылык жактан ири ийгиликтерге жетип тарыхтагы эң көп кассалык чогултууларды топтогон чоңдорго арналган тасма болгон, бул наамды тасма 13 жыл бою туткан.

Серияларда адамзаттын технологияга каршы алсыздыгы баяндалат, пост-апокалиптикалык окуяда "адам жараткан", өзү билген нерселерди жасаган жасалма акыл-эс машинасы реалдуу эмес жашоо системасынан көз каранды болбогон бир топ адамдардан тышкары башка жөнөкөй адамдардын көбүн жер жүзүнөн жок кылган. A.I.(Матрица) коркунуч/оору булактары болуп саналган көз карандысыз эркин адамдарды жок кылууга милдеттүү. Окуяда философиялык жана диний идеяларга болгон шилтемелер көп. "Матрица" сериялары мифология, аниме жана Гоңкоңгтун тез аракетүү тасмаларынын элементтерин (өзгөчө "эрдик кан төгүү күрөштөрү" жана согуштук тасмаларды) камтыйт. Ушуларга ылайык бир-бирине көз карандылык жана сүйүү концепциялары туура келет.

2016-жылдын февраль айына карата үчилтиктен табылган киреше 3 миллиард долларды түзгөн, ошону менен ал эч бир заманда болуп көрбөгөн эң көп кассалык чогултууларга ээ болгон үчилтик болуп эсептелет. 2017-жылдын мартында Warner Bros. жаңы тасмалар менен үчилтиктин жаңыртуусунун алгачкы баскычтарында болгондугу айтылган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]