Машаева Анаркүл

Википедия дан

Машаева Анаркүл 1946-жылы Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.


  • Мектепти аяктагандан кийин, жогорку окуу жайын бүтүрүп, мугалимдик кесипке ээ болуп, эмгек жолун 1968-жылы Сузак районунун A. С. Макаренко атындагы орто мектепте мугалим болуп иштеп баштаган.
  • 1970-1982-жылдары Сузак районуна караштуу M. В. Фрунзе атындагы орто мектепте директор, 1982-1993-жылдары A. С. Макаренко атындагы орто мектепте директор,
  • 1993-2002-жылдары Р. Исманалиев атындагы орто мектепте мугалим, 2000-жылдан бери Багыш айыл өкмөтүнүн аялдар комитетинин төр айымы, «Аймира» коомдук фондтун Директору болуп, АДРА, ОБСЕ, ЮНИСЕФ, ПРООН уюмдарынын проектерин ишке ашырууда салымын кошуп эмгектенип келет.
  • «Эл агартуунун отличниги» Сузак районунун «Ардактуу атуул» наамынын ээси.

Бир нече медаль, Ардак грамоталар менен сыйланган. 2 уул 1 кыздын энеси.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3