Машеров, Пётр Миронович

Википедия дан

Машеров, Пётр Миронович - [13(26). 2. 1918-ж. т., азыркы Витебский обл., Сенно району, Ширки кыш.] — советтик мамлекеттик жанa партиялык ишмер.

Советтер Союзунун Баатыры (1944), Соц. Эмг. Баатыры (1978).

1943-жылдан КПСС мүчөсү. Дыйкан үй-бүлөсүнөн. С. М. Киров атн. Витебск пед. институтун бүтүргөн (1939). 1939—41-ж. Россоны орто мектебинде физика жанa матема­тика мугалими. Улуу Ата Мек. согушта БССРдин жашырын комсомол уюмуна жетекчи жанa Россоны районундагы партизандык кыймылдын жетекчилеринин бири. 1942-ж. апрелден Щорс атн. партизандык отряддын командири. 1943-ж. марттан Ро­коссовский атн. партизандык бригаданын комиссары. 1943-ж. ноябрдан Белоруссия ЛКШСтпн Вплейск жаырын обкомунун биринчи секрета­ры, 1944—46-ж. Комсомолдун Молодечно обкому­нун биринчи сек­ретарь, 1946-54- ж. Белоруссия ЛКЖС БКнын сек­ретарь, биринчи сек­ретарь. 1954-55-ж. Минск об­комунун экинчи сек­ретарь, 1955-59-ж. Белоруссия КП Брест обкому­нун биринчи сек­ретарь. 1959—62-ж. Белоруссия КП БКнын сек­ретарь, 1962—65-ж. экинчи сек­ретарь, 1965-ж. марттан биринчи сек­ретарь. КПСС- тин 19—25-съезддеринин делегатш. КПССтин 22-съездинде (1961) БКга мүчөлүккө кандидат, 1964-жылдан КПСС БКга мүчө. 1966-ж. апрелден КПСС БКншн Саясий бюросуна мүчөлүккө кандидат. СССР Жог. Советинин (3—5, 7—10-шайл.) депутаты. 1966-жылдан СССР Жог. Советинин Президиумуна мүчө. Беш Ленин ордени жанa медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.