Машина-трактор паркы

Википедия дан

Машина-трактор паркы - айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү иштерин ме­ханикалаштыруу үчүн зарыл машиналар жыйындысы.

Машина-трактор паркы универсалдуу энергетикалык каражат ката­ры трактор (өзү жүрүүчү шассилер), чиркелүүчү айыл чарба машинасы (соко, сеялка, мала, культиватор, чөп чапкыч ж. б.), өзү жүрмө машина, ста­ционар машина сыяктуу топторго бөлүнөт. Туташ механикалаштыруунун талабына ылайык Мшина-трактор паркынын составына кирүүчү ацыл чарба машиналары ар кандай табигый-климаттык аймактарда өндүрүштүн езгөчөлүктөрүн эс­ке алуу менен айрым айыл чарба өсүмдүктөрүн иштетүүчү комплекске бириктирилет.

Бул машиналар комплекси чарбанын адистештирилишине, ошондой эле өндүрүш технологиясына жанa таби­гый-климаттык өзгөчөлүктөргө жарашта өзгөрөт. Техниканы пайдалануу эрежелерин сактоо, паркты толук же жартылай жаңыртуу, жаңы техникалык негизде кеңири кайталанма өпдүрүштү камсыз кылуу Машина-трактор паркынынын экономикалык натыйжалуулугунун өзөгүн түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.