Машина жасоо комплекси

Википедия дан

Машина жасоо комплекси Машина жасоо комплексин өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты өзүбүздүн минералдык сырьёлук ресурстарыбыздын базасында алынган жарым өткөргүч материалдарды пайдалануу менен өнөр жайынын радиоэлектрондук жана электротехникалык тармактарынын буюмдарын чыгаруу болуп эсептелет.

Артыкчылыктуу тармактарда коюлган милдеттерди чечүүнү эки этапка бөлүүгө болот. Биринчи этапта электротехника жана электрон өнөр жайынын бардык иштеп жаткан ишканаларынын финансылык абалын жана иштеп турушун турукташтыруу, аларды реконструкциялоонун жана өнүктүрүүнүн экономикалык жана укуктук негиздерин жакшыртуу, микроэлектрон өнөр жайынын пайдубалын түптөө зарыл.

Экинчи этапта өнөр жай продукциясынын, анын ичинде экспортко багышталган продукциянын туруктуу өсүшүнө, микроэлектрон өнөр жайынын эң жакшы иштешине, менчик электрон базасынын негизинде электрон аппаратурасын өздөштүрүүгө жана чыгарууга жетишүү зарыл. Продукциянын экспорту, негизинен, КМШнын өлкөлөрүнө эсептелинүүгө тийиш.

Машиналардын жана жабдуулардын импортун кыскартуу жана өнөр жайынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында төмөнкүлөр зарыл:

  • отун-энергетика комплекси жана энергияны үнөмдөө үчүн жабдууларды, өлчөө приборлорун (трансформатордук подстанциялар, электротехника жабдуулары, контролдук-өлчөө приборлору) чыгарууну уюштуруу;
  • фермер жана дыйкан чарбалары үчүн чакан механизация каражаттарын чыгарууну өздөштүрүү жана уюштуруу;
  • айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетип чыга турган машиналарды жана жабдууларды даярдоо (Бишкектеги машина жасоо заводу);
  • өндүрүштүк эмес чөйрө үчүн приборлорду жана жабдууларды чыгаруу, саламаттык сактоо, турмуш-тиричилик кызматтарын көрсөтүү, туризм, курорттук-саламаттыкты жакшыртуучу дарылоо ж. б.

Ошентип, машина жасоону өнүктүрүүдө продукциянын жаңы түрлөрүн өздөштүрүү жана чыгарылып жаткан продукциянын сапатын жогорулатуу маанилүү роль ойнойт. Эң жакынкы жылдарда тармактын ишканаларында үч фазалуу жана жалгыз фазалуу эсептегичтерди (счетчиктерди), автомобиль чынжырларын, электр жылуулук системасын, коргоочу өчүрүп коюу тетигин, бир жолу пайдаланылуучу шприцтерди, стоматология аспаптарын жана башкаларды өздөштүрүү белгиленүүдө.

Республика машиналарды адистештирилген ири ишканаларда жасап чыгарат, аларда али да КМШ өлкөлөрү жана дүйнөлүк рынок үчүн татаал жана эмгекти көп тапап кылуучу продукцияларды чыгарууга кыйла кадрлар жана өндүрүш потенциалы бар. Мисалы, мамлекеттер аралык «Дастан» корпорациясы Россия менен биргелешкен ишкана түзүү жолу менен көп максаттуу жеңил ТУ34 самолетун чыгаруу долбоорун ишке ашырууга киришти. Структуралык кайра түзүүлөрдү жүргүзүү 2015-жылдарда өндүрүштүн чөгүшүн токтотууга, ал эми 2020-жылга карата иш жигердүүлүгүн реалдуу көтөрүүгө жетишүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Машина жасоо комплексин өнүктүрүү төмөнкүдөй учурларда өтө ийгиликтүү жүрөт:

  • артыкчылыктуу багыттарды ишке ашырууда ишкерлерге тандалмалуу мамлекеттик колдоо көрсөтүүдө;
  • стратегиялык инвесторду тартууда;
  • КМШнын чектериндеги эки тараптуу жана көп тараптуу өкмөттөр аралык макулдашуулардын натыйжалуулугу боюнча таасирдүү механизмдерди иштеп чыгууда;
  • укук нормаларын камсыз кылуу менен финансылык-өнөр жай топторун жана мамлекеттер аралык корпорацияларды түзүүдө;
  • ШОСтун, КМШнын, ЭКОнун ж. б. экономикалык союздардын чектеринде макулдашылган салык, валюта, баа, бажы саясатын турмушка ашырууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9