Машина котормосу

Википедия дан

Машина котормосу — бир тилден экинчи тилге атайын компьютердик программа менен тексттерди(каттык, а идеалда болсо сөзмө сөздөрдү) которуу процесси. Мындай аталыш менен мындай багыттага системалар менен иштеген илимий изилдөөлөр да аталат.


Машина котормосу сөздүктөн, алгоритмден жана аны ишке ашыруучу программадан турат.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Текстти машина менен иштеп чыгуунун биринчи баскычы — машинанын эске туткуч түзүлүшүндө сакталуучу автоматтык сөздүктөн сөздөрдү издеп табуу.
  • Андан кийин сөзмө-сөз которулбай турган соз айкалыштарын иштеп чыгуу баскычы келет.
  • Бул эки баскычтан кийин морфол. анализ башталат.
  • Мунун артынан синтаксистик анализ баскычы, андан соң семантикалык анализ келип, анализ бүтөт.
  • Анализдөөнүн негизинде которула турган текст жөнүндө алгачкы маалымат алынат.
  • Которулуп жаткан тексттин синтези жогоруда келтирилген анализдин баскычтарына туура келет, бирок ага тескери тартиптеги баскычтарды камтыйт, б. а. синтез семантикалык синтезден башталат.
  • Андан кийин син­таксистик морфол. синтез жүргүзүлүп, текст машина менен иштеп чыгылат.
  • Бул баскычтардан кийин маши­на алынган котормону басып берет.


Машина котормосун түзүүдө лингвисттер төмөндөгү маселелерди:

  • 1) лингв, маалыматтардын запасын аныктоону;
  • 2) сөздүк түзүүнү;
  • 3) тилдин бардык деңгээли үчүн грамматикаларды түзүүнү чечүүгө тийиш.

Математиктер:

  • 1) текст берүүнүн ар бир деңгээлин баяндоо үчүн формалдаштырылган системаларды түзөт;
  • 2) которуу процессинин бардык этаптары үчүн натыйжалуу алгоритмдерди жазып чы­гуу үчүн атайын тил жаратат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.