Машина куруудагы тактык

Википедия дан

Машина куруудагы тактыктетиктер менен буюмдардын геометрикалык ж. б. параметрлеринин анык маанисинин анын техникалык шарттар боюнча көрсөтүлгөн теориялык маанисине жакындыгынын даражасы.

Ал норма боюнча берилген тактык жанa анык тактык болуп бөлүнөт. Биринчиси буюмдун геометрикалык ж. б. параметрлеринин эсептелип аныкталган маанисин, экинчиси ошол эле параметрдин өлчөө аркылуу алынган маанисин билдирет. Тактыксыздыктын пайда болушу технологиялык жабдууга, аспап менен жасалгалардын каталыгына, иштетүүдөгү жылуулуктун же күчтүн таасиринен деформацияланышына, жумушчу кетирген катага байланыштуу. Жабдуу менен жасал- ганын тактыгы жасалуучу буюмдун тактыгынан алда канча жогору бөлүш керек. Ошондуктан металл кесүүчү станоктун тактыгын жогорулатуу маанилүү. Азыркы кезде кээ бир те­тиктердин тактыгы бир нече мм, ал түгүл .и к.и дин үлүшү менен аныкталат. Машина куруудагы тактыкты тактык класстары мүнөздөйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.