Машрапова Тургун

Википедия дан
Машрапова, Тургун‎»‎ барагынан багытталды)

Машрапова Тургун (1928-жылы Кара-Суу району, Кызыл-Ордо кыштагы.)-пахтачы, Социялистик Эмгектин Баатыры (1972)- 1964-жылдан КПСС мүчөсү. Эмгек жолун «Кызыл-Дыйкан» колхозунда иштөөдөн баштаган. 1945-58-жылдары «Большевик» колхозунда колхозчу, 1958-64-жылдары жумушчу, 1964-жылдан Кара-Суу районундагы «Кара-Суу» совхозунда бригадир. Анын бригадасы 8-беш жылдыктын план тапшырмасын 109%ке артырырып, 100 га, аянттын гектарынан 26 цден пахта жыйнап алган. Ленин ордени,"Ардак Белгиси» ордени, медалдар менен сыйланган. СССР Жогорку Советинин 9-чакырылышына депутат.

Сыйлыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ленин ордени, «Ардак Белгиси» ордени, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.