Маятник

Википедия дан
Маятник.

Маятник – кыймылсыз чекиттин же октун айланасында тышкы күчтөрдүн таасири менен термелүүчү катуу нерсе. Маятниктин термелүү огу нерсенин оордук борбору аркылуу өтпөөгө тийиш. Жөнөкөй маятниктин узундугу l болгон жипке асылган, салмагы жеңил жүктөн турат. Эгерде жүктүн өлчөмү жип. узундугунан кичине болсо, ал жип чоюлбайт деп эсептеп, жүктүн өлчөмүн эске албай материалдык чекит катары карасак, анда математикалык маятник болуп эсептелет. Эгер термелип жаткан нерсе материалдык чекит болбосо, анда физикалык маятник болуп эсептелет. Математикалык маятник – эгерде маятникти тең салмактуулук абалынан С чекитине алып барып, кандайдыр бир ылдамдыкта коё берсе, маятник тик тегиздикте термеле баштайт жана С чекити айлананын жаасы боюнча кыймылдайт. Бул учурда маятниктин абалы координата (j) бурчу менен аныкталат. Жалпы учурда маятниктин термелиши гармониялык болбойт жана термелүү мезгили Т амплитудага көз каранды. Эгер маятниктин кыйшаюусу аз болсо гармониялык термелүү жасайт жана анын термелүү мезгили, мында g – эркин түшүүнүн ылдамдануусу. Физикалык маятник – оордук күчүнүн таасири менен асманын горизонталь огунун айланасында термелүүчү катуу нерсе. Мындай маятниктин кыймылы айланма математикалык маятниктин кыймылына толук окшош. Кыйшаюу бурчу j кичине болсо гармониялык термелүү жасайт жана термелүү мезгили, мында I – асманын огуна салыштырмалуу маятниктин инерция моменти, l асманын огунан (О) оордук борборуна (С) чейинки аралык, маятник – маятниктин массасы. Маятниктин касиеттери сааттарда, нерсенин оордук күчүнүн ылдамдануусун, инерция моментин аныктоочу приборлордо, гироскопиялык түзүлүштө ж. б. кеңири колдонулат.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]