Фуко маятниги

Википедия дан
Фуко маятниги.
Ж. Фуко (1819-1868).

Фуко маятниги - Жердин өз огунда суткалык айланышын далилдеп көрсөтүүчү маятник.

Узун зымга илинип, ар кандай вертикал тегиздикте термеле тургандай бекитилген оор жүк. Маятниктин жүгүнө аракет кылган оордук күчү менен жиптин тартуу күчү дайыма маятниктин термелүү тегиздигинде жаткандыктан маятник айланбайт, б. а. анын термелүү тегиздиги өзгөрбөйт. Ошондуктан Жерде турган жана аны менен кошо айланган байкоочуга Фуко маятнигинин термелүү тегиздигинин Жердин айлануу багытына тескери бурулганы байкалат. Маятниктин термелүү тегиздиги өзгөрбөгөндүктөн, бул көрүнүш Жердин кандайдыр бурчка бурулганын далилдейт.

Биринчи жолу франц. физик Ж. Фуко 1851-ж. уз. 67 м маятникти түзгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.