Маңыз категориясы
Стоицизм философиясына байланыштуу түшүнүктөрдүн бири.
Алар субстратка (субстанцияга) ээ болгон тулкулар гана бар деп эсептешкен. Тулкулардын сапаты да тулкулардын турат жана алар материалдык нерсе. Дүйнөдөгү бардык нерселер төрт табигый кубулуштан турат, алар: от, аба, суу, жер. Гераклиттей эле алар да дүйнөнүн түпнегизи — от деп эсептешкен. Бирок алар дүйнөдө эки түпнегизди: пассивдүү материяны жана кыймылдагы түпнегиз — логос, же Кудайды бөлүп айырмалашат. Диоген Лаэртскийдин сөзү боюнча, «алар баардык нерселерде эки түпнегизди: жигердүү жана жапакечтик түпнегиздерди таанышат. Жапакечтик түпнегиз — сапатсыз маңыз, башкача айтканда заттар, ал эми жигердүү түпнегиз — ошол жигердүүлүккө камтылып турган акыл-эс, башкача айтканда - Кудай. Ал түбөлүктүү жана Ал — бардык нерселерди Жараткандын өзү».
Айтылган төрт табият кубулушу, стоиктердин пикири боюнча, өз ара аракеттенишип, «пневматикалык тонусту» пайда кылат, алар муну жылуу аба менен оттун өз ара аракеттеринин таасири астында пайда болуучу жана нерселердин булагы болгон чыңалуу деп билишкен.
Стоиктер детерминисттик позицияда ырааттуулук менен турушкан жана дүйнөдөгү бардык нерселер себептик байланышка баш ийип турат деп эсептешкен. Ушуну менен бирге алар өзүлөрүнүн детерминизм концепциясын фатализмге чейин алып барып жеткиришкен, алар дүйнө кайталанып туруучу циклдер боюнча өнүгөт, ал дайыма баштапкы стадиясына кайрылып барып турат, ал өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнөн толук ажырап бүткөндө кайрадан отко айланат да, дүйнөлүк өрттө өлөт деп эсептешкен.
Космосту стоиктер (Платон сыяктуу) акыл-эстүү нерсе катарында элестетишкен. Диоген Лаэртский ал жөнүндө мындай деп жазат: «Бүткүл дүйнө жандуу, акыл-эстүү, тирүү нерсе, ал эми анын башкы бөлүгү — эфир... Дүйнө бирдиктүү, анын учу-кыйыры бар, тоголок, бул анын кыймылы үчүн өтө ыңгайлуу» [ VII, 139—140.].