Меган Трейнор

Википедия дан

Меган Элизабет Трейнор (1993-жылы 22-декабрда туулган) - америкалык ырчы жана ыр жазуучу. Трейнор "Грэмми", "Музыка бизнес ассоциациясында секирик жасаган артист" жана эки Billboard сыйлыктарынын ээси болуу менен эмгеги бааланган аткаруучу.

Трейнор музыкага бала кезинен эле кызыга баштаган. 15 жана 17 жашынын аралыгында ыр жазып, үнүн жаздырып, аткарып жана көз карандысыз үч албом өндүргөн. 2011-жылы Big Yellow Dog Music менен биргеликте ыр жазуу келишимине кол коюп, ыр жазуу карьерасын баштаган. 2014-жылы Epic Records менен үн жаздыруу келишимин түзүү менен Трейнор дебюттук "Аталыш" (англ. Title, 2015) албомун чыгарып атагы өскөн. Бул дебюттук албом АКШдагы Биллборд 200 тизмесинде биринчиликти ээлеп, өлкө ичинде бир миллиондон ашуун көчүрмөдө сатылган. Ошондой эле ал хит ырларга айланган "Толук бас тууралуу" (англ. All About That Bass), "Эриндер кыймылдайт" (англ. Lips Are Movin) жана "Сени жогото тургандай " (англ. Like I'm Gonna Lose You) сыяктүү ырларды чыгарган.

2016-жылы Трейнор "Грэмми" сыйлыгынын "Эң мыкты артист" наамын жеңип алган. 2016-жылы ал "Рахмат" (англ. Thank You) аттуу экинчи эң чоң албомун чыгарып, андагы башкы ыр "Жок" (англ. No) Биллборд 100 тизмесинде үчүнчү катарга чейин көтөрүлгөн. Ал эми 2017-жылы "Мен айыммын" (англ. I'm a Lady) аталышындагы ыры "Смөрфтөр: Жоголгон айыл" (англ. Smurfs: The Lost Village) анимациялык тасмасында саундтрек катары колдонулган.

1950-1960-жылдардагы музыкага таасирленген Трейнордун музыкалык стилин ретро деп атап келишет. Анын ырлары негизинен заманбап аял, келбет жана күчтөндүрүү темаларын камтыйт.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]