Мегаспора

Википедия дан

Мегаспора (мега... жанa гр. spora — урук) — энелик өсүндү өөрчүп чыгуучу спора. Мегаспора мегаспороциттин бөлүнүүсүнөн пайда болот. Папоротник сымалдардагы мегаспорангийлерде жетилген мегаспоранын саны ар түрдүү.

Өөрчүүнүн алгачкы стадиясында энелик өсүндү мегаспорангийдин ичинде же сыртында өөрчүйт, кийин кабыгы ачылып, өсүндүнүн архегонийи бар бөлүгү сыртка чыгат. Уруктуу өсүмдүктөрдө мегаспора 4төн болуп, нуцеллуста—урук-бүчүрүнүн борбордук бөлүгүндө пайда болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.