Мегатерийлер

Википедия дан
Мегатерий.

Мегатерийлер (лат. Megatherium) – сүт эмүүчүлөрдүн кем тиштүүлөр түркүмүнүн тукуму курут болгон уруусу; кургакта жашоочу эң ири илендилер. Жогорку плиоцен – плейстоценден белгилүү, Түштүк жана Түндүк Американы мекендеген. Денеси өтө чоң (узундугу 6 мге жеткен), буту кыска болгон. Арткы бутуна туруп, жоон куйругуна таянып, өсүмдүктүн жалбырагы жана жаш бутактарын үзүп, азыктанган. Бешке жакын түрү болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]