Мазмунга өтүү

Медведев Дмитрий Анатольевич

Википедия долбоорунан
Дмитрий Анатольевич Медведев
Дмитрий Анатольевич Медведев
 
Туулган жылы: 14-сентябрь 1965-жыл
Туулган жери: Ленинград, ОССФР, ССРС
 
Сайты: http://da-medvedev.ru/
 
Автограф: Кол тамгасы

Медведев Дмитрий Анатольевич (14-сентябрь 1965-жылы, Ленинград) – орусиялык мамлекеттик жана саясий ишмер, Орусия Федерациясынын президенти (2008–2012), юридика илимдеринин кандидаты (1990), ОФтин 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси (2000).

1987-жылы Ленинград мамлекеттик университетин бүтүргөн. 1988–99-жылдары Ленинград мамлекеттик университетинде окутуучу, 1999–2000-жылдары ОФ өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басары, ОФ президентинин администрация башчысынын орун басары, 2000-жылдан 1-орун басары, ошол эле мезгилде «Газпром» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы (2000–01, 2002–08; 2001–02-жылдары директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары), 2003–05-жылдары ОФ президентинин администрация башчысы, 2005–2008-жылдары ОФ өкмөтүнүн төрагасынын 1-орун басары, 2012-жылдан ОФ өкмөтүнүн төрагасы (премьер-министри). Ленинград шаардык советинин төрагасынын (А. Собчактын) кеңешчиси (1990–1995). ОФтин Коопсуздук кеңешинин мүчөсү (2003). ОФ президентине караштуу Артыкчылыктуу улуттук долбоорду жана демография саясатын ишке ашыруу боюнча кеңештин президиумунун төрагасынын 1-орун басары, төрагасы (2005–2008). Санкт-Петербург мамлекеттик, Дүйнөлүк экономика жана дипломатия, Баку, «Коре» (Корея) университеттеринин ардактуу доктору. 2007-жылы анын жетекчилиги менен Орусияда мектептерди (59 миң) интернетке кошуу долбоору аяктаган. 2008-жылы күзүндө дүйнөнү каржы кризиси каптаган шартта Д.А. Медведев экономиканы модернизациялоо (Москвада эл аралык финансы борборун ачуу, жеке ишкерлерди колдоо үчүн инвестициялоо шартын жеңилдетүү, ипотекалык кредитке байланыштуу, камсыздандыруунун учурга ылайык моделин өнүктүрүү, менчик укугун коргоо боюнча майнаптуу соттук коргоо чараларын ишке ашыруу, аскердик, социалдык ж. б. реформалар) демилгеси менен чыгып, өлкөнү дүйнөлүк финансылык кризистин апаатынан сактап калган. «Фемида» эл аралык сыйлыгынын лауреаты (2007). «Жарандык укук» үч томдугунун автору.