Медералиев Жумабек

Википедия дан

Медералиев Жумабек - жазуучу, котормочу. Жумгал районунун Доскулу айылында 1957-жылы 24-январда туулган. 1974-жылы Жумгал орто мектебин, 1979-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн.

Эмгек жолун 1978-жылы «Ленинчил жаш» гезитинде корректор болуп иштөө менен баштаган. 1979–1985-жж. «Ленинчил жашта» кабарчы, бөлүм башчы, 1985–1987-жж. Кыргыз ССРинин Мамлекеттик басма комитетинде улук редактор, 1987–1988-жж. «Мектеп» басмасында Өспүрүмдөр жана жаштар көркөм адабияты редакциясынын улук редактору, бөлүм башчысы болгон. 1988–1992-жж. «Адабият» басмасында Балдар жана жаштар көркөм адабияты редакциясынын бөлүм башчысы, 1992–1998-жж. «Акыл» Мамконцернинде башкы редактор, Басмалар жана китеп соода башкармалыгынын начальниги, тармактын «Нуска» гезитинин башкы редактору, 1998–2000-жж. «Акыл» АКнын «Ала-Тоо» басмасынын башкы редактору, 2000-жылдан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл Өкүлдөр жыйынынын Басма сөз кызматынын улук консультанты, 2001–2002-жж. «Асаба» гезитинин башкы редактору, 2002–2005-жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл Өкүлдөр жыйынынын Редакциялык-басма иштер бөлүмүнүн башчысы, 2005-жылдан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аталган бөлүмүнүн эксперти болуп эмгектенип келет.

1970-жылдан ырлары, аңгемелери республикалык гезит-журналдарда жарыяланып келет.

Ал орус, белорус, кытай, жапан, фин жазуучуларынын аңгемелерин, орус эл жомокторун которуп жарыкка чыгарган. Түстүү сүрөттүү «Кыргыз оймолору» («Акыл», 2000-ж.), «Эл өкүлү» («Учкун», 2004-ж.), «Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү» (USAID – «Учкун», 2006-ж) китептеринин авторлорунун бири.

Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы, «Манас – 1000» эстелик медалы менен сыйланган.

1990-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Боор толгоо. Аңгемелер: – Ф.: Адабият, 1989. – 120 б.

Бышмана. Повесттер, аңгемелер жана новеллалар: – Б.: Акыл, 1998. – 284 б.


Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алексеев С. Маршал Жуков жөнүндө аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1987. – 36 б.

Лехтонен Й. Табышмактуу сепил. – Ф.: Адабият, 1990. – 120 б.

Силердин укугуңар: Аңгемелер. – Б.: «Сорос – Кыргызстан» фонду, 1995. – 64 б.

Блаватская. Е.П. Чыгыш берметтери. – Б.: Кыргызстан, 2004. – 400 б.

Милитонян Э. Арег балакай менен Чипонун укмуштуу жоруктары: Аңгемелер. – Б.: Учкун, 2007. – 66 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]