Медербеков, Артелбек

Википедия дан

Медербеков Артелбек (1928-1986) ...

1928-жылы Чүй областына караштуу Сокулук районундагы Асыл-Баш айылында Молдо Медербек деген бийдин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Медербек араб тилинде кат сабаты ачылган, мусулманчылыктын шарият жолдорун элге түшүндүргөн абдан билимдүү адам болгон. "Аккан арыктан суу агат"- дегендей, Артелбек ага да эл арасында кадыр-баркка ээ болгон адам болгон. Совет доорунда көптөгөн жооптуу кызматтарда эмгектенген. Эки жылдык мугалимдер институтунан билим алгандан кийин Асыл-Баш айылында бригадир болуп иштеди. Калинин айылындагы мектепте башталгыч класстарына билим берди. Кийин заман шарты менен мал чарбачылыгына багыт алды. Өмүрүнүн акырына чейин Асыл-Баш айылынын байланыш кызматкери болуп эмгектенди. Өмүрлүк жары Асел Конокбаева менен 1948-жылы баш кошушуп, тогуз уул-кызды тарбиялашты. Алар учурда эл ишеничин актаган инсандардан. 39 неберенин, 25 чөбөрөнүн кадырман чоң ата, чоң эне, таята, таенеси болушту. "Атабыз менен апабыз арабызда жок болушса да, жаныбызда жүрүшкөндөй сезилет. Алардын кеп-кеңеши, акыл-насааттары кулагыма жаңырып турат. Туу туткан ата-энебизди эч жоктогубуз келбейт. Балдарынын, небере, чөбөрөлөрүнүн жүрөгүндө ар дайым жашай берет. Ар дайым куран окутуп, бейитке бата кылып келебиз",-дейт уулу Сабытбек.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Инсандар таржымалы. Бишкек.2007-ж.