Медеров Таир Турарович

Википедия дан

Медеров Таир Турарович (5. 3. 1962-жылы туулган, Бишкек) – скульптор, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (Бишкек шаары Ачык асман алдындагы эл аралык музейдеги иши үчүн, 2000). Москвадагы М. И. Калинин атындагы көркөм-өнөр жай окуу жайында окуган (1977–81). Т. Садыков атындагы Улуттук сүрөт академиясынын академиги (2005), Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү (1992). Медеров Санкт-Петербургдагы (мурдагы Ленинград) И. Е. Репин атындагы Живопись, скульптура жана архитектура институтун (1991), Т. Садыков атындагы Улуттук сүрөт академиясын (1994) бүтүргөн жана ушул эле академияда 1992жылдан доцент. Т. Медеров көрүнүктүү мамлекеттик жана искусство ишмерлерине тургузулган эстеликтердин автору (Бишкекте Н. Исанов, Т. Кулатов, К. Тыныстанов, К. Карасаев, Т. Сыдыкбеков, К. Юдахиндин бюсттары, Караколдо К. Тыныстанов, К. Карасаев, Тагай бийге коюлган эстеликтер). Медеров скульптура боюнча эл аралык симпозиумдардын катышуучусу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]