Медициналык география

Википедия дан

Медициналык география — адамдын ден соолугуна географиялык чөйрөнүн тийгизген таасирин, оорулардын географиялык таралышын, таралуу себептерин жана кишинин патологиялык абалын изилдөөчү илим. Медициналык география түрдүү аймакта жашаган калк арасындагы кээ бир оорулардын көп таралышын, өтүү өзгөчөлүгүн шарттаган табигый жана социалдык факторлорду изилдейт. Оорулардын географиялык таралышына климат жана суу, топурак; тамак-ашта айрым химиялык элементтердин жана башкалар болушу же жоктугу, жашоонун материалдык шарты, маданий деңгээли, көнүмүш тамактануу жана башкалар шарт түзөт. Медициналык география эпидемиология, микробиология, гигиена, патология, физикалык жана экономикалык география, айрыкча ландшафт таануу менен тыгыз байланыштуу. Медициналык география боюнча изилдөөлөр 18-кылымда эле башталган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8