Медициналык кароо
Медициналык кароо — калктын ден соолугунун абалын текшерүүнүн түрү. Түрдүү жугуштуу жана узакка созулган, өнөкөт оорулардын алдын алуу, калктын саламаттыгын сактоо медицина кызматкерлеринин негизги милдети. Дарттын айрым түрлөрү алгач оорулууга билинбей башталат, кээ бир учурда оорулуу ага маани бербей жүрө берет. Ошондуктан ооруну өз убагында таап дарылоодо алдын ала Медициналык кароонун мааниси өтө зор. Анда адамдын денесин карап, өзүнөн сурап, антропометриялык ченөө (адамдын бою, салмагы жана башкалар) жана лабораториялык изилдөө жүргүзүлөт. Мындай алдын ала кароодон жүрөк-кан тамыр, ичеги-карын, өпкө, көз, аялдардын жыныс органдарынын жана башкалар ооруларын эрте аныктоо мүмкүн. Медициналык кароодон калкты өткөрүү СССР жана союздук республикалардын саламаттык сактоо жөнүндөгү Закондорунун негизинде белгиленген, ал жылына эки жолу өткөрүлүшү керек. Азыркы мезгилде алдын ала кароону адис-врачтар жүргүзөт. Комплекстүү медициналык кароого терапевт, хирург, гинеколог, окулист, дерматолог, оториноларинголог, рентгенолог жана тиешелүү орто билимдүү медициналык кызматкерлер катышат. Врачтардын кароосунан башка ар кандай лабораториялык, рентгендик (флюорография) изилдөөлөр көбүнчө завод, фабрикаларда, колхоз, совхоздордо жана башкалар ишканаларда уюшулган эмгек коллективдеринин арасында жүргүзүлөт. Мезгилдүү медициналык кароодон балдар мекемелеринде, тамак-аш ишканаларында жана коммуналык мекемелерде иштеген кызматчылар өтүшөт. Жеке медициналык кароодо врачтын кабыл алуусуна келген оорулуунун ден соолугу текшерилет. Көбүнчө үй кызматындагы аялдар, пенсиядагы адамдар тартылат. Мектеп жашына чейинки балдар мекемелериндеги балдар, мектеп окуучулары, орто жана жогорку окуу жайларынын студенттери да жыл сайын комплекстүү Медициналык кароодон өткөрүлөт. Аялдар басымдуулук кылган мекемелерде гинекологиялык жактан алдын ала кароо пландуу жүргүзүлөт. Анын максаты — оорулууну убагында таап дарылоо. Айрым гинекологиялык оорулар билинбей башталат. Аларды эрте аныктап, тийиштүү дарылоону жүргүзүү аялдын айыгып кетүүсүн камсыз кылат. Тилекке каршы айрым аялдар Медициналык кароого маани бербей, ага убактылары жетпей же өз ден соолугуна көңүл бурбагандыктан оорусун күчөтүп жиберет. Кээ бир аялдар врачка көрүнүүдөн уялышып, Медициналык кароого барышпайт. Ошентип өз ден соолугуна чоң зыян келтиришет. Ар бир аял (дени сак болсо да) жылына 2 жолу врачтын кароосунан өтүүгө тийиш. Аялдардын тери лимфа бездери, эмчек жана жыныс органдарынын ар кандай дарттарын таап, диспансердик каттоого алынып дарыланат. Медициналык кароодон башка да республикабыздын дарылоо жана илимий мекемелери атайын врачтардан турган комплекстүү бригада уюштуруп, райондордо жана айыл-кыштактарда Медициналык кароону өткөрүп, түрдүү ооруларды таап, өз убагында дарыланууга тартышат. Мисалы, кардиология илим изилдөө институту калк арасында жүрөк-кан тамыр ооруларын, онкология жана радиология илим изилдөө институту рак жана ракка өтүүчү ооруларды, туберкулёз илим изилдөө институту туберкулёз оорусун эрте табуу максатында калк арасында Медициналык кароо өткөрөт.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8