Медициналык кол кап

Википедия дан
Көк нитрил медициналык кол кабы

Медициналык кол кап — операция учурунда жана ар кандай манипуляцияларда медициналык кызматкерлердин колунун терисинен жарага патогендик микроорганизмдер кирип кетпеши үчүн, ошондой эле операция учурунда жугуштуу оорулардан, өлүктөрдү ачууда жана дезинфекциялык эритмелер менен иштөөдө колдун терисиндеги зыяндуу таасирлерден сактоочу универсалдуу каражат[1].

Медициналык кол кап латекс, нитрил резинасы, поливинилхлорид жана неопрен сыяктуу ар кандай полимерлерден даярдалат; алар күкүмсүз, күкүм менен же жүгөрү крахмалынын жардамы менен мээлейлерди упалап тургандыктан колго оңой кийилет[2].

Анын тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

XIX кылымдын аягында карбол кислотасы (азыркы аты фенол) жараларды дарылоо операциялары учурунда колдонулган жана 1865-жылы Жозеф Листер (1827-1912) тарабынан антисептик катары сунушталган. Бул зат күчтүү уулуу эффектке ээ болгон, анын эритмеси жана буусу терини, көздүн былжыр челин жана дем алуу органдарын дүүлүктүргөн. Операция учурунда бейтапты жана хирургду дезинфекциялоо үчүн Листер ойлоп тапкан аппаратты - бөлмөгө затты чачыраткан фенол чачыраткычты колдонгон. Бирок бул ыкмасы өтө ыңгайсыз болгон: бейтапты курчап турган фенол буусу дарыгердин көзүн тосуп, уулуу түтүндөр хирургдун колун жана бетин күйгүзүп салган[3].

Айрым дарыгерлер жумуш ордун өзгөртүүнү ойлонушкан. Алардын бири операциялык медайым Кэролайн Хэмптон болгон. Келечектеги жолдошу Уильям Хэлстид Goodyear Rubber компаниясынан аны коргоо үчүн жука резина кол каптарды жасап берүүнү суранган. 1894-жылы Хальстед “Джонс Хопкинс” ооруканасына стерилдүү медициналык кол капты колдонууга киргизген.

Биринчи жолу колдонулган латекстен жасалган медициналык кол каптар Анселл (Ansell) тарабынан 1964-жылы чыгарылган. Алар өндүрүштү презервативдерди жасоо техникасына негиздешкен. Бул кол каптар адамдын экскременттерин иштетүүдөн баштап, стоматологиялык нукка чейин бир топ клиникалык жагдайларда колдонулат.

Медициналык кол каптардын түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бардык медициналык кол каптарды максатына ылайык хирургиялык, текшерүүчү жана диагностикалык деп бөлүүгө болот. Негизги айырмачылыгы алардын формасында болот.

Текшерүүчү жана диагностикалык кол кап жалпак формада болуп, сол жана оң колго бирдей кийилет, б.а билатералдык касиетке ээ.

Ал эми хирургиялык кол кап алгач узакка созулган күчтү, тактыкты жана тыкандыкты талап кылган татаал манипуляциялар үчүн иштелип чыккан. Хирургдун ишин жеңилдетүү үчүн хирургиялык кол каптын анатомиялык формасы - адамдын колун куюп койгондой ылайык болушу талап кылынат. Хирургиялык кол капты айырмалоо үчүн атайын таңгактоо, ошондой эле оң же сол колго арналгандыгын белгилөө зарыл.

Кол каптар стерилдүү жана стерилдүү эмес деп да бөлүнөт.

Стерилденген медициналык мээлейлердин негизги айырмачылыктары:

  • мээлейлер милдеттүү түрдө стерилденет, бул кол каптар иштетилгенден кийин аналда эч кандай микроорганизмдер жок экендигин билдирет. Стерилдөөнүн бир нече түрлөрү бар; хирургиялык кол каптардын басымдуу бөлүгү химиялык газ менен стерилденет. Бул эң кеңири тараган жана натыйжалуу ыкма.
  • стерилдүү мээлейлер инвазивдик хирургияда колдонууга, ошондой эле стерилдүүлүк шарттарды талап кылган жумуштарга арналган.
  • стерилдүү мээлейлер текшерүүгө жана диагностикалык мээлейлерге салыштырмалуу узунураак манжетке ээ.

Стерилденген мээлейлердин негизги шарттары;

  • стерилдүү мээлейлер эки-экиден тыгыз пакетте таңгакталат, бул ачуу алдында мээлейдин тазалыгын сактоого мүмкүндүк берет;
  • стерилдүү мээлейлерде стерилдүү экенин көрсөткөн белгилер милдеттүү түрдө болушу керек;
  • стерилденген мээлейлердин ар бир партиясында стерилизациядан өткөндүгүн тастыктаган документтер, ошондой эле стерилдөө ыкмасы белгилениши керек;
  • эреже боюнча, хирургиялык кол каптар санарип өлчөмүнө ээ: 5.5-9.5, бул мээлейдин көлөмүн тагыраак тандап алууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, ар кандай материалдардан кол кап жасоого болот. Мунун негизинде төмөнкү типтер айырмаланат:

Медициналык латекс кол каптары

Медициналык латекс кол каптары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Табигый латекстен жасалат. Латекстин артыкчылыгы - материалдын жакшы созулуучулугу жана ийкемдүүлүгү деп эсептелет. Алар тактилдик сезимин сактоону талап кылган жумушка ылайыктуу - бейтапты текшерүү же стоматологиялык процедуралар үчүн.

Бирок латекс кол каптарынын да кемчиликтери бар. Алар спирттердин, эфирлердин жана майлардын таасирине туруштук бере албайт, бул заттар менен иштөөдө муну эске алуу керек. Мындан тышкары, аларды колдонууда кээ бир адамдарда латекстин белок компоненттерине аллергиясы пайда болуп, аларды башка альтернатива издөөгө аргасыз кылышат

Медициналык нитрил кол каптары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алар синтетикалык материалдан жасалгандыктан, латекске аллергиясы бар адамдар колдонушу мүмкүн. Нитрил өнүмдөрү бышык, иштеткенде ал оӊой менен тешилип же жыртылып кетпейт. Нитрил материалы химикаттарга да туруктуу, ошондуктан аны агрессивдүү химикаттар менен иштөөдө колдонсо болот. Бирок алар латекске караганда кымбатыраак, бул алардын колдонулушун бир аз чектейт.

Винил кол каптары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул кол каптар химиялык заттарга туруктуу жасалма материалдан жасалган. Алардын артыкчылыгы, башка түрлөргө караганда кыйла арзан келет. Бирок бир жолу колдонулуучу медициналык винил кол каптарынын олуттуу кемчиликтери бар - алардан белок кошулмалары (анын ичинде кан белоктору) жана микробдор өтүп кетиши мүмкүн. Ошондуктан аларды жуктуруп алуу коркунучу болбосо гана колдонуу керек[4].

Дезинфекция жана стерилдөө процесстери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кол капты дезинфекциялоо ыкмалары:

  • хлораминдин 3% эритмесине 60 мүнөт салып, агын таза сууга чайкоо кийин кургатуу;
  • 6% суутек перекисине 60 мүнөт салып, агын сууга чайкоо, кургатуу;
  • жуугуч каражаттардын 0,5% эритмесине суутек перекисинин 6% кошуп кол капты 60 мүнөт коюу, кийин чайкоо жана кургатуу[5].

Кол капты стерилдөө ыкмасы;

  • Кол капты автоклавда 120⁰С температурада жана 1 атм басым менен 15-20 мүнөткө чейин тануу менен кошо стерилденет. Автоклавга кирерден мурун аларга сыртынан жана ичинен тальк себилип, ар бири өзүнчө дакиге оролуп, иштетилгенден кийин кургатылат. Кол каптарды колдонуу хирургдун колдору менен иштөө талаптарына эч кандай деӊгээлде төмөндөтөшү керек. Эгерде алар ириндүү  үчүн колдонулса, анда аларды жакшылап жууп, суткага 3% формалиндин эритмесине калтыруу сунушталат. Келечте аларды ириӊдүү операция процесстеринде гана колдонуу керек[6].
  • Эндоскопиялык изилдөөнүн түрүнө жараша бир нече инструменттер тобу айырмаланат, алар иштетүүнүн ар кандай түрлөрү; жогорку же төмөнкү дезинфекциялоо жана стерилдөө үчүн колдонулат.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://dic.academic.ru/dic.nsf/enc_medicine
  2. «Производство перчаток». Ansell.eu. Архивировано из оригинала на 2011-10-04. Проверено 14 декабря 2012.
  3. http://pkmbic.com/?page_id=3926
  4. https://septolit.ru/blogs/novosti/vidy-meditsinskih-perchatok
  5. https://studfile.net/preview/6019541/page:25/
  6. “Большая медицинская энциклопедия”: государственное научное издательство/ А.Н.Бакулев/ Москва 1962. Том 24. 32-34бет