Мектепке чейинки педагогика

Википедия дан

Мектепке чейинки педагогика - мектеп жашына жете элек бал­дарды тарбиялоонун закон ченемдери жөнүндөгу илим.

Ал жалпы педагогика, балдар психологиясы, курак анатомиясы жана физиологиясы ж. б. илимдер менен тыгыз байланышта турат. Мектепке чейинки педагогиканын негизги милдети — мектеп жашына жете элек балдарга коммунисттик тарбия берүүнүн мазмунун, формаларын ж-a методдорун иштеп чыгуу. Мектепке чейинки педагогика өзүнчө илим катары жалпы педагогикадан 19-к-дын 2-жарымында бөлүнүп чыккан. Анын өнүгүшүнө Р. Оуэн, немец педагогу Ф. Фребель, орус педагогдору В. Ф. Одоевский, К. Д. Ушинский чоң салым кошкон.

Советтик мектепке чейинки педагогиканын өнүгүшүндө Н. К. Крупская, А. С. Ма­каренко, В. А. Сухомлинскийге айрыкча орун таандык.

Совет мезгилинде Мектепке чейинки педагогиканын проблемалары негизинен 1960-жылдардан СССР ПИАнын мектепке чейинки тарбия илимий изилдөө институту тарабынан изилденген. Мектепке чейинки педагогика институттардын тийиштүү факультеттеринде жанa орто педагогикалык окуу жайларында атайын сабак ка­тары окутулган.

Кыргызстандан мектепке чейинки педагогика кадрларын Ишеналы Арабаев атындыгы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин (Кыргыз кыз-келин педагогикалык институту) мектепке чейинки балдарды тарбиялоо факультети даярдайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.