Мелдешти кандай уюштуруу керек

Википедия дан

Мелдешти кандай уюштуруу керек - В. И. Лениндин 1917-ж. 25-28-декабрда жазган эмтеги. Ал 1929-ж. 20-январда «Правда» газетасына жарыяланган. Анда В. И. Ленин социалдык мелдешке теориялык жактан терең аныктама берип, эмгекчилерди жапырт мелдешке тартуу формасын жана милдетин көрсөткөн.

Ал «социализм мел- дешти бошоңдотпой тургандыгы мындай турсун, тескерисинче, аны чыныгы кеңири, чыныгы массалык өлчөмдө колдонууга биринчи жолу мумкүнчүлүк берет, эмгекчилердин чыныгы көпчүлүгүн өздөрүн көрсөтө ала турган, өздөрүнүн жөндөмдүүлүктөрүн кеңири жайылта ала турган, таланттарын көрсөтө ала турган иш майданына тартуу мүмкүнчүлүгүн бе­рет, булар эл арасында — түгөнбөс булак, ал эми аларды капитализм мицдеп жана миллиондоп жанчып, басып муунтуп келген» — деп жаз­ган (Ленин В. И., Чыг., кырг. 1- бас., 26-т., 434-45-6.).

Социализм гана эмгекчил элге жапырт мелдешууго толук шарт тузөт. Анткени ал күнкор эмгекти эркин эмгек менен алмаштырат. Адам өзү жана коом учун эмгектенет. В. И. Ленин Окт. революциясы эмгекчи элди жаңы турмуш нугуна алып чыккандыгын, пролетариаттын саясий үстөмдугү камсыз кылынгандан кийин негизги экономикалык милдет — социалдык өндурушту уюштуруу, эмгек өндүрүмдүулүгүнүн тынымсыз жогорулашын камсыз кылуу экендигин эскерткен. Социалдык мелдеш интервен­ция жана Граждандык согуш убагындагы коммуннсттик ишембиликтен башталган. В. И. Ленин коммунисттик ишембилик коммунизмдин башталышы жана коммунисттик мамиленин жаралышы деп эсептеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.